Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Кыргызстандагы сөз эркиндиги, “Де-факто” гезитинин үстүнөн жүрүп жаткан сот иши жана массалык маалымат каражаттарынын коомдогу ролу тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна аталган гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова жооп берди.

-Азыр көпчүлүк оппозиция өкүлдөрү жана коомчулукта деле Кыргызстанда маалымат каражаттарынын эркиндиги басаңдап кетти деген пикир көп айтыла баштады. “Де-факто” гезитинин башкы редактору катары аны сезип жатасызбы? Абал чын эле ушундайбы?

-Кечээ Коомдук парламент деле өзү резолюциясында айтпадыбы, “ММКда монополизация болуп жатат. Бул тармакты бир колго өткөрүү аракеттери күчөдү. Апрельдин башында буга каршы акцияларды баштайбыз”, - деп. Бул дагы жөн жерден эмес.

Чынында март ыңкылабына чейинки, Акаевдин тушу менен салыштырсак, азыркы кырдаал оорураак. Себеби тымызын бир колго өткөрүү, монополизация жүрүп жатат. Акцияларды билгизбей сатып алуу дегендей. Бул өтө коркунучтуу, себеби бир колго өтүп туруп, бир адамдын саясатын жургүзөт да. Анан мен ошондой пикирге кошулам. Чынында ахыбал оорураак. Азыр эми оппозициялык гезиттердин бири “Де-фактого” болгон мамлени көрүп жатасыздар. Сотко берүү бул илгертеден келе жаткан салт, сотко берүү менен жүдөтүү. Азыр биз Жаныш Бакиевдин уулу менен соттошуп жатабыз. Ал тууралуу маалыматыңыздар бар.

-Ошол Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин сиздердин гезитке каршы берген доо арыздагы дооматтарга сот кандай карап жатат жана кандай чечим чыгарат деп турасыз? Себеби соттор Кыргызстанда бийликте тургандарга жана анын жакындарына көз каранды деген сөз бар эмеспи.

-Эми бүгүнкү саныбызга Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун маеги чыкты. Ал кишинин айткандарын дагы угуп отуруп мен таң калдым. Сот реформасы азыр Кыргызстанда алдыга жылбай эле, тескерисинче артка кеткен экен. Ал айтып жатат, сотторду дайындоо боюнча кеңештер, комиссиялар түзүлүп, бир аз демократизация жүрүп жатса, азыр алардын пикири четке кагылып, жада калса Жогорку соттун төрагасынын пикири четке кагылып, өйдө жакка гана көз каранды болуп калды дейт. Бул эмнени айтып жатат? Бул сот бийлигинин толук түрдө таптакыр көз карандысыздыгын жоготту дегенди айтып жатат.

Анан мен сот процессине азырынча комментарий бербей турайын, себеби процесс жүрүп жатканда мен аны айтканга укугум жок. Азырынча эки заседание болду. Анан эмне дейбиз? Окурмандар тарабынан чоочулоо көп болуп жатат. “Эми президенттин туугандары болсо, кандай болот? Силерди олчойгон акча салып туруп жаап салбайбы?”, - деп кооптонушууда. Ар кандай пикир менен азыр коргоо комитеттери түзүлүптүр. Ошто биринчи түзүлүптүр. Экинчи Нарында түзүлдү, азыр Таласта жүрүп жатат. Анан эми негизи окурмандарда дагы чоочулоо өтө чоң болуп жатат.

-Массалык маалымат каражаттарын коргоо комитеттери апрель айынан тарта аракеттерин, иштерин күчөтөт деген маалыматтар бар. Алардын аракети бийликке жана коомго массалык маалымат каражаттарына мамилесин өзгөртөт, алардын коомдун дагы ММКна карата жоопкерчилигин жогорулатат деген үмүт барбы?

-Эми “Де-факто” гезитин коргоо комитеттери тууралуу айтсам, мисалы кечээ Таластан чалышты, биз 28-мартта сот болсо, Бишкекке барат элек дейт да. Анан мен аларды токтоттум. Азырынча кереги жок дедим. Азыр процесстин маанайын байкайлы, биринчи райондук соттон чечим чыксын, аны көрөлү, кое тургула дедим. Негизи бийлик бир нерсени эске алыш керек. Гезиттин аркасында чынында окурман бар. Бул бир жеке саясатчы, же партия эмес. Анын артында 10 миңдеген окурмандар бар. Менимче гезитке мамиле жасаганда өзгөчө бийлик кылдатыраак болуш керек.

-“Маалыматка ээ болгон адамдын колунда башкаруу боосу болот” деп коюшат эмеспи. Азыркы бийлик мына ошондой саясатка ооп жатса керек деген пикирлер дагы бар. Бирок “шибегени капка ката албайсың” деп кыргыз айтып коет, анын сыңарындай коомдо болуп жаткан окуялар, кандайдыр бир деңгээлде баары бир ММКларда чагылдырылып калат. Бул жагынан эмне үчүн бийлик эске албай жатат деген ойдосуз? Буга башкы себеп эмне?

-Эң башкысы азыркы бийлик бир нерсени абдан жакшы түшүндү: маалымат бул чоң күч экенин. Ошондуктан жанталашып, мына телеканалдардан бири дагы эркин калган жок, бардыгын алып бүтүштү. Анан мына гезиттерди ойлонуп жатышат. “Агымды” билесиздер, “ак жолдошуп” кеткен. Анан кийин кезекте “Де-факто” калып жатат. Андан кийин жаңыдан чыгып келе жаткан “Аалам” турат, анын азыр канчалык таасирдүү экенин айта албайм, бирок азыр биринчи кезекте биз турабыз. Ошол нерсени эң жакшы түшүнүп алгандан кийин алар аябай соңку жылдары аракетти күчөттү. Бирок мен оюмду кайталап коеюн. Булар бир нерсени түшүнбөй жатышат: гезит менен жанагындай мыйзамсыз иштерди, аракеттерди жасаш өтө коркунучтуу, ошону мен эскертип койгум келет.

-Албетте эгер эркин ММКлар жабыла турган болсо, коомчулуктун нааразычылыгы күчөп кетиши мүмкүн. Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG