Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

16:00 Челябинскиде өлтүрүлгөн кыргыз жигиттин өлүмүнө улутчулдардын тиешеси жок


Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы Урал-Сибирь аймагы боюнча башкы консулу Турдали Орозбаев “Азаттыкка” билдирди. Андан алынган маалымат боюнча окуя 18-март күнү түнкүсүн Нияз деген дарыянын үстүндө көпүрөдө болгон. Жергиликтүү милиция өлтүрүү тоноо максатында болгон, деп шектенүүдө. Набыт болгон жигит 27 жаштагы Улан Кочкоров Ош облусунун тургуну болуп чыккан. Кыргызстандын консулдугу сөөктү мекенине алып келүүгө жардам берүүдө, дейт башкы консул. Орусиянын Урал-Сибирь аймагында болжол менен 200 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Башкы консулдуктун маалыматы боюнча ушул кезге чейин бул аймактан улутчулдардын колунан мигранттар жапа чеккен учур катталган эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG