Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

16:30 Бир катар өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш жарыяланды


Бул Бишкек шаарындагы жер бөлүштүрүү жана курулуш иштерин жүргүзүү боюнча коллегия өткөргөн президенттик администрациянын чечими боюнча маданият министри Султан Раевге тарыхый-архитектуралык эстеликтерди көзөмөлдөө иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш жарыяланды. Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Каныбек Нарбаев бирдиктүү мамлекеттик курулуш саясатын жүргүзө албагандыгы үчүн сөгүш алды. Мамлекеттик каттоонун жетекчиси Адамжан Жолдошевге коомдук пайдаланууда турган жерди мыйзамсыз саткандыгы үчүн жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Арстанбек Давлеткелдиевге борбор калаанын гүлбактарын сактай албагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.
Мындан тышкары Эркиндик гүлбагындагы тарыхый-архитектуралык эстеликти сүрдүрүп салууга жана Ататүрк багынын бир бөлүгүн турак-жай курулушуна берип, бузууга жеткирген бардык жооптуу кызматкерлердин ишин карап чыгуу тапшырылды.
Өткөн жылы президент Курманбек Бакиев капысынан шаар кыдыруу учурунда Эркиндик гүлбагында турган тарыхый-архитектуралык үйдүн мыйзамсыз сүрдүрүлүп салганы жана Ататүрк багында жүрүп жаткан турак-жайлардын курулушуна байланыштуу Биринчи май районунун акимин кызматтан алып, Бишкек шаар мэрине эскертүү берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG