Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

16:43 А.Карашев: Алайкуу жана Чоңалай өрөөндөрүнө өзгөчө статус берүү абзел


“Болбосо, алардан ажырап калышыбыз ыктымал”, - деди «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып Оштогу маалымат жыйынында облус губернатору Аалы Карашев. Анын айтымында, эки өрөөндүн тең климаты катаал, элинин жашоо-шарты татаал. Ошол себептүү Ош облусундагы бул аймактарга өзгөчө статус ыйгаруу жагын өтүнүп өкмөткө кайрылышкан, бирок жообу дайынсыз. Жергиликтүү экономист Эркин Абдыразаков Алайкууда жана Чоңалайда административдик округ түзүп, бийликти коркпой эле өз алдынча башкаруу органдарына бергенде гана өнүгүү болот деп эсептейт. Анткени менен оштук чиновниктердин бүгүнкү аракетинен майнап чыкпайт деген ойдо, себеби алардын сунушу Бишкектен колдоо табаарынан күмөнү бар. (АТо)

XS
SM
MD
LG