Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

ТАЛАС: ТАЛАШКА ТҮШКӨН ЖЕР ТАГДЫРЫ


18-мартта эки күндүк иш сапары менен чегара маселеси боюнча Жогорку Кеңештин 8 депутаты жана 15ке жакын ошол маселеге тиешелүү адистер Таласка атайын иш сапары менен барышты. Казакстан мамлекетине 4 миңден ашык Кыргызстандын жери кирип кеткен деп чегарага чектеш жашаган жергиликтүү тургундар айтышууда. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган маселени чечиш оңойго турбастыгын “Азаттыкка” билдиришти.

Алгачкы депутаттардын иш сапары Карабуура районундагы Акчий айылындагы 129 гектар аянты Кумшагыл деген гранит чыгуучу карьерди көрүүдөн башталды. Ал карьер 1980-жылдары кыргыз бийлиги тарабынан казактарга убактылуу пайдаланууга берилген.

1990-жылдары чегаралар түзүлө баштаганда аталган карьерди казактар Манас айылындагы азыркы Май айыл өкмөтүнө тиешелүү 74 гектар жер менен алмашышкан. “Эл аралык толерантуулук үчүн” коомдук фондунун өкүлү Бакбосун Жолдошбеков бул маселени кайра карап, карьер Кыргызстанда калганы дурус дейт:

- Ал жерде кызыл гранит жана башка кен байлыктар бар деп адистер жыйынтык чыгарып жатышат. Бөлөк жерден берип, карьерди кайра Кыргызстандын балансына кайтарып алышыбыз керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын фракциясынан Анаш Сейитказиев бул маселе Жогорку Кеңеште карала турганын айтып, бирок аталган маселени кайра карап кереги жок деген пикирде:

- Казакстан 91-жылдан баштап бул карьерди иштетпей жүрөт. Четинен алып биз толук иштеткенге мүмкүнчүлүгүбүз бар экен.

Экинчи күнү 19-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Таласта Казак мамлекетине чектеш Карабуура районунун Кайнар жана Көксай айылынын тургундары менен жолугушту. Айылдын тургундары 4036 гектар жер казактарга өтүп кеткенде, 2000-жылдан бери аталган жерди кайра өздөрүнө кайтарып алуу аракеттерин жасашууда. Кайнар айылынын тургуну Айткул Тайлаков 1926-жылкы картада аталган жер кыргыздардын жери болуп турганын Бишкектен келген Жогорку Кеңештин депутаттарына далил катары айтып берди:

- 1926-жылкы картада Көксуу өзөнүнөн тике өрдөп Чимкент уездине такалат, 41 параллель дейт, клин жөнүндө сөз жок.

Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Саламат Аламанов мурдагы учурдагы документтерде жана түзүлгөн картада бул жер казактарга карай турганын айтып, бирок бул маселе каралып жатканына каршы эмес:

-1938-жылкы карата да, 61-жылкы Жогорку Кеңеш бекиткен указдагы картада дагы ушул жер казактын аймагы болуп турат.

Карабуура районунун Көксай айылынын тургуну Чумканаев Асылбек Казакстан мамлекетинин чегарачылары менен айыл тургундарынын ортосунда майда-барат чатактар болуп жатканын кеп кылды.

Социал-демократтар фракциясынан Жогорку Кеңеш депутаты Роза Отунбаева Казакстан мажилиси тарабынан чечилип калган маселени кайра караш кыйындыкка турат дейт:

- Ратификациядан өтүп калган маселени кайра ачыш татаал нерсе.

Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков Кайнар айылындагы жер Кыргызстанга караш керек деп жогоруда аталган эки маселе боюнча жакында Казакстан мамлекетинин Жамбул облусунун акими менен жолугушаарын билдирди:

- Эки облустун жетекчилиги бир макулдашууга келсек, сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин анан ойду айтсак болот.

Ушундай эле чатактар Карабуура районундагы Аманбаев айылында да бар.

XS
SM
MD
LG