Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

АКШда ИРАК СОГУШУНА КАРШЫ ЖҮРҮШТӨР ӨТТҮ


АКШнын башкалаасында жүздөгөн киши шаар көчөлөрүндө жана парктарда чогулуп, алтынчы жылга аяк басып жаткан Ирак согушуна каршы демонстрация, пикеттерди өткөрүштү. Президент Жорж Буш ушул күндөрү Пентагондо болуп, Ирак согушу туура жана жеңүүгө боло турган согуш деп айтты. Бирок Вашингтондо жана башка шаарларда активисттер буга тескери пикирин билдиришүүдө.

Вашингтондогу жүрүштөрдүн биринде катышуучулар бүт кара кийип, беттерине ак чүмбөт тагынып, тымтырс баратышты. Алардын ар бири мойнунда Ирак согушунда курман болгон Ирак же Америка атуулунун ысмы жазылган белгини тагынып жүрдү. Алардын бири Жанин Бонопарттын мойнунда 2003-жылдын 7-апрелинде өлтүрүлгөн 71 жаштагы ирактык жаран Турия Сакар Мхсендин аты жазылган:

-Биздин иш-чара "Арбактардын жүрүшү" деп аталат. Биз Иракта согушта курман болгон 1 миллион ирак атуулу менен 4 миңдей америкалык аскерди ушул өтө таасирлүү жол менен эскерип жатабыз. Биз өтө чоң кайгыдабыз.

Дагы башка демонстранттар АКШнын Ички киреше кызматы деп аталган атуулдардын салыгы жыйналуучу агенттиктин баш кеңсесин пикеттешти. Активисттер бул кызматты мамлекеттик салыкты согушка жумшаганы үчүн айыпташты:

-Мында келгенибиз Ички киреше кызматы биз төлөгөн салыктын 51 пайызын согушка жөнөтүп жатат. Биз бул согушка караманча катышпашыбыз керек болчу, ошондуктан ушул жерде демонстрация өткөрүп жатабыз, - дейт өзүн Лесли деп тааныштырган активист.

Булар Салык агенттигинин эшигин тосууга аракеттенгенде, 35 киши камакка алынды. Дагы ондогон демонстрант шаардын бизнес бөлүгүндө машина кыйма-чийме жүргөн чоң жолду тосушту. Алар «Вашингтон Пост» гезитинин редакциясын камалап, Ирактагы ири кайра куруу долбоорлорун жүргүзгөн Бечтел корпорациясынын имаратына кызыл боек чачышты.

Кечээки демонстрациянын башкы уюштуруучусу АКШдагы эң ири пацифисттик коалиция саналган "Тынчтык жана акыйкаттык" биримдиги. Ал эми катышуучу уюмдардын арасында согушта буту-колунан айрылган майыптарга байпак соккон "Чоң эне-таенелердин тынчтык бригадасы» болду. Бул уюмдун мүчөсү 79 жаштагы Жин Кошмо Штаттарынын Ирактан кетишин талап кылып жатканын, ирактыктар өз арбайын өздөрү согуш керектигин билдирди.

"Хьюман Райтс уотч" деген жазуусу бар жеңи чолок көйнөктөрдү кийген Жонн болсо, атасы Экинчи дүйнөлүк согушта Германияда туткунда болгонун белгилеп, террорчулукта шектелгендерге АКШнын кылган мамилесине нааразылыгын көрсөткөнү келгенин билдирди:

-Айыпкерлерге зордук көрсөтүү бул туура эмес. Мындай нерсеге Укуктар мыйзамы жана Конституция тыюу салат. Азыркы администрациянын тушунда түрмөдөгүлөрдүн укуктарын таптакыр сыйлабай калышты. Гуантанамо Бей же Абу Грайб түрмөсүндөгүлөр күнөөлүү болгон күндө да, алар адам да, аларды түрмөдө зордуктоого жана кыйноого жол берилбеши керек.

Түштөн кийин жаан себелеп баштаганда, демонстранттар Акүйдүн маңдайындагы Лафайет сейил багында кыйноолорго нааразылык билдиришти. Кээ бирлери Жорж Буш туура деп эсептеген кыйноо техникасын туурап, бирин-бири сууга чөмүлтүп, тумчугуп баратканда кайра чыгарып алып жатышты.

Сүрөт islam.com.ua интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG