Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Бүгүн Нооруз майрамында Бишкектеги «Аккула» ат майданында көкбөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Ошондой эле Бишкектин спорт жайларында, Панифилов атындагы эс алуу жайында жеңил атлетика, баскетбол, футбол, шахмат, чыгыш өнөрлөрү, улуттук спорт түрлөрүнөн кыргыз күрөшү, аркан тартмай мелдештери Нооруз майрамына арналат.

Эгемен алгандан баштап Кыргызстанда Нооруз жалпы журттун майрамына айланып баратат. Нооруз майрам күнү Бишкек шаарында өтө турган спорттук иш-чаралар, мелдештер тууралуушаардык спорт комитетинин спорт бөлүмүнүн башчысы Эркин Абдылдаев айтып берип, мелдештер саат ондо башталаарын билдирди.

- Нооруз майрамына шаардын эң мыкты спортчулары өнөрүн көрсөтүшөт. Жалпы жонунан беш жүздөн ашык киши катышат. Гимнастиканын түрлөрү – көркөм гимнастика, спорттук гимнастика, акробаттар чыгат. Ошондой эле бүт чыгыш оюндарынын устаттары, кыргыз эл оюндары – ордо, тогуз коргол, кол күрөш жана бир топ элдик оюндар боюнча мелдештер болот. Панфилов атындагы эс алуу парктарда, жаңы конуштарда, ири-ири спорттук жайларда оюн-зооктор, мелдештер Нооруз майрамына арналып, өткөрүлмөкчү.


Нооруз майрамында Бишкекте ар жыл сайын баскетбол боюнча эл аралык мелдеш өткөрүү салтка айланган. Быйылкы мелдешке Орусия, Казакстан менен Өзбекстандан үч команда жана Кыргызстандан үч команда катышууда. Бул баскетбол турниринин жеңүүчүлөрү 21- мартта аныкталат.

Мындан сырткары Бишкекте Нооруз майрамына арналып өткөрүлө турган мелдештер тууралуу өлкөнүн дене тарбия, спорт, балдар жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентигинин улук адиси Канат Арпачиев айтып берди:

- Биз жыл сайын “Нооруз” майрамына карата спорттун бир нече түрү боюнча турнирибизди, мелдештерди өткөрүп келебиз. “Нооруз” майрамына арналган биздин негизги турнирлерибизге шаар калкы катыша алышат. Ошто бокс боюнча жаштар арасында өлкө чемпионаты бүгүн 21- мартта башталат. Балдар арасында шахмат боюнча өлкө биринчилигине 8 жаштан 18 жашка чейинки улан-кыздар катышат. Самбо боюнча дагы жаштар арасында биринчилик бүгүн башталат. Ошондой эле бүт чыгыш оюндарынын устаттары, кыргыз эл оюндары – ордо, тогуз коргол, кол күрөш жана бир топ элдик оюндар боюнча мелдештер болот.

Нооруз майрамындагы жалпы улуттук, ат оюндарынын көркү - көкбөрүчүлөрдүн оюну Аккула ат майданында улантылат.

Мындан сырткары Нооруз майрамында тогуз коргоол жана грек-рим, эркин жана кыргыз күрөштөрү боюнча мөрөй талашуулар болмокчу. Ошондой эле Бишкектеги Көкжар футбол ордосунда Алматынын айтылуу “Кайрат” командасы менен Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нарындын “Дордой” футбол командасынын жолдоштук беттешүүсү да болот.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG