Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

19:35 ИММ: Журналист менен аялынын сөөгү табыла элек


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов бүгүн “Вечерний Бишкек” гезитинин журналисти менен аялынын өлүмүнө алардын квартирасын эки жылдан бери ижарага алып жашап келген 1985-жылкы бала шектелип жатканын билдирди. Ал жарым-жартылай күнөөсүн мойнуна алып, азыр көрсөтмө берип жатат. Б. Сейитовдун айтымында бул окуяга тишеси бар дагы башка адамдар да болушу мүмкүн, бирок иликтөө жүрүп жаткандыктан азырынча алар тууралуу маалымдалбайт. Шектелген адам бир нече жерди көрсөткөн, милиция бирок сөөктү таба элек. Азырынча эмне себептен өлтүргөнү тууралуу тактала элек, акчанын айынан же өч алуу максатында болушу мүмкүндүгү айтылууда. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG