Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Иракта согуш башталганына беш жыл толду


Бул окуяга байланыштуу жасаган билдирүүсүндө Ирактын азыркы президенти Жалал Талабани чет элдик аскерлердин кириши менен Саддам Хусейндин "кыйноо жана тирания" доору аяктаганын белгиледи. Бирок ага катар президент Жалал Талабани Ирак кыянатчылык, террорчулук жана коррупция өңдүү олуттуу көйгөйлөрдөн али кутула электигин кошумчалады.

Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш беш жылдыкты утурлай Пентагондо сүйлөгөн сөзүндө "адамдык жана каржылык" жоготууларга карабай, Иракта Саддамды бийликтен кулатуу үчүн согуш баштоо туура чечим болгонун айтып өттү. Бул аралыкта кечээ АКШнын бир катар шаарларында согушка каршы демонстрациялар өтүп, маалыматтарга караганда 200дөй адам камалган.

XS
SM
MD
LG