Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Арменияда өзгөчө абалдын мөөнөтү аяктоодо


Армения башкааласы Ереванда 1-марттан тарта 20 күнгө киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү бүгүн түнү аяктоодо. Армян бийликтери өзгөчө абалды өткөн айдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон оппозиция өткөрүп жаткан демонстрациянын катышуучулары коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан соң киргизген. Анда расмий маалыматка караганда, сегиз адам мерт болуп, 130тан ашуун киши жаракат алган эле. Өлкөдө 19-февралда өткөн президентик шайлоонун жеңүүчүсү деп премьер-министр Серж Саркисян жарыяланган. Кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Роберт Кочерян бүгүн эртеңден тарта өзгөчө абал режими жоюларын ырастады, бирок бийлик уруксат берилбеген митинг өткөрүү аракети кайра жасалса, буга жол бербесин эскертти.

XS
SM
MD
LG