Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Далай Лама кытай бийликтери менен сүйлөшүүгө даяр


Тибеттин сүргүндөгү диний жолбашчысы эгер Кытай тараптан ишара болсо алар менен сүйлөшүүгө даяр. Далай Ламанын өзүнүн бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, ал өзгөчө Кытай президенти Ху Цзиньтао менен сүйлөшүүгө Тибеттеги тополоң басаңдаган соң эле даяр болгон. Тибетте кытай бийлигине каршы өткөн демонстрациялардын артында турганы үчүн расмий Пекин Далай Ламаны айыптаган эле. Пекиндин пикиринде, ал муну менен августтагы Олимпиаданын алдында Кытайдын аброюна шек келтирүүнү көздөөдө. Ал эми Далай Лама мындай ырастоолорду толук четке каккан. Бул аралыкта Кытайдын расмий басма сөзү Тибетте өткөн аптада башталган толкундоолор ага коңшу Сычуан жана Гансу провинцияларына да жайылганын бүгүн биринчи ирээт моюнга алды. Тибеттеги козголоңдон расмий маалыматка караганда, 13 адам мерт болгон. Ал эми сүргүндөгү активисттердин ырастоосунда, андан 100дөй киши каза тапты.

XS
SM
MD
LG