Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

21-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Чыгыш калктарынын басымдуу бөлүгү 21-мартта Жазгы теңелүү күнүн белгилешет. Кыргыздын атактуу акыны Алыкул Осмонов 1915-жылдын 21-мартында жарык дүйнөгө келген.

Чыгыш калктарынын басымдуу бөлүгү 21-мартта Жазгы теңелүү күнүн белгилешет. Борбордук Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө бу күнкү майрам Нооруз аталып, шаң салтанат менен белгиленет. Нооруз аталышы бизге перс тилиндеги «навруз» - жаңы жылдын биринчи күнү деген сөздөн кабыл алынган. Нооруз майрамы кыргыз калкында байыртадан белгиленип, анын өрнөктүү каада-салты иштелип чыккан.

Кыргызстандын отурукташкан аймагында жазгы майрам Нооруз аталып, майрамдык сүмөлөк жасалып, ырым-жырым иштери жүзөгө ашырылат. Көчмөн турмушта жашаган кыргыздар арасында жаз майрамы Чоң көжө аталып келген жана аны белгилөө салтанаты, каада-салт өрнөктөрү жашоо шарт, ыңгайына ылайык келиштирилген.

Совет мезгилинде Нооруз майрамына тыюу салынып, ал 1988-жылдан тарта майрамдала баштады. Бу күнү «жер жарылып чөп чыгат, желин айрылып сүт чыгат»,-деп адам баласы жартылыштан бардар турмуш, бакубат жашоо арзып, жан дүйнөсүн жаңылануу жана ынтымак, ырашкерчилик эңсеген аруу тилек бийлейт.

Кыргыздын атактуу акыны Алыкул Осмонов 1915-жылдын 21-мартында жарык дүйнөгө келген. Болочок акындын киндик каны Панфилов районунун Капталарык айлына тамган. Фрунзе педагогикалык техникумун 1933-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин «Чабуул» журналы жана «Ленинчил жаш» гезитинде эмгектенген. Кыргызстан Жазуучулап кошуунунда 1937-1940-жылдары катчылык кызматты аткарып, кийин өмүрүнүн акырына чейин жалаң чыгармачылыкты аркалап, кыргыз поэзиясынын алтын казынага алынган чыгармаларды жараткан.

Акындын ырчылык ышкысы эрте башталып, 1930-жылы «Сабаттуу бол» гезитке «Кызыл обоз» аттуу ыры жарыяланган. А. Осмоновдун «Таңдагы ырлар» жыйнагы 1935-жылы жарык көрүп, кыргыз поэзиясына таланттуу акындынкелгенин ырастаган. А. Осмонов акындан арасынан биринчи болуп көзү өткөндөн кийин, 1967-жылы Кыргыз республикасынын Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаттык сыйлыгына татыган.

Парламенттик шайлоодон улам Кыргызстандагы саясий кырдаал курчуп ал эларалык уюмдардын тынчсыздануусун жараткан. Бириккен Улуттар Уюму 2005-жылдын 21-март күнү Кыргызстандагы кырдаалга кабатырланганын билдирип, бийлик менен оппозициянын тирешүүсү сүйлөшүү жолу менен чечилип, бир тараптан экинчиге каршы күч колдонулбашына ишеним артты.

Ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан президент Аскар Акаевдин оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүгө ниеттенгенин колдой тургандыгын белгиледи.

21-март расалык дискриминацияга каршы күрөштүн Эларалык күнү. Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 1966-жылдын 26-октябрында өткөн XXI сессиясында расалык дискриминацияга каршы күрөшүү чечими кабыл алынган. Адатта ар жылдын 21-март күнү миңдеген адамдар Амстердам шаарында жүрүш жасап, расалык дискриминацияга каршы өз оюн билдиришет.

Бу күнү, 1685-жылы теңдешкиз композитор Иоганн Себестьян Бах жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG