Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек 2005-жылдын 24-мартына --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/F1369E8F-01C3-49AE-B115-26F36F37C67D.asp чейинки жана андан кийинки окуялар, азыркы бийликтин саясаты, өлкөдөгү кырдаал тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Ишенбай Кадырбеков жооп берди. Маекти Бүбүкан Досалиева уюштурду.

Бүбүкан Досалиева: -Ишенбай мырза, мына 2005-жылы болгон март ыңкылабына 3 жыл толду. Ыңкылапка катышкан жана андан кийин бийликте иштеген адам катары Кыргызстандын акыркы үч жыл ичиндеги өнүгүүсүнө кандай баа бересиз?

Ишенбай Кадырбеков: -Негизи Кыргызстанда өсүш бар, бирок чындыкты айтканда, бул мурунку бийликтин жасаган ишинин үзүрү. Акаевдин бийлиги учурунда 2-3 жыл мурун жасалган иштердин инерция менен келген экономикалык салымы. Биз жасаган иштердин үзүрү 2-3 жылдан кийин гана көрүнө баштайт.

Бүбүкан Досалиева: -Сиз экономикалык тармак боюнча гана баа берип жатасыз, ал эми саясий тармакка баа берсек. Себеби ыңкылаптын негизги максаты - мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү, үйбүлөлүк башкаруудан арылуу, коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүү деген максат менен жасалган да. Тилекке каршы, азыр коом өзгөрүү болгон жок деген пикирде. Эмне үчүн ушул башкаруу системасын өзгөртө албай жатабыз?



Ишенбай Кадырбеков: -Негизи революция болгон жок. Себеби мен ошол учурда мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болуп калып, күтүүсүз мыйзам кабыл алууну сунуш кылдым. Ал Конституциядан баштап бардык мыйзамдарды, эрежелерди жокко чыгарып туруп, анык революциялык жаңы саясий жол менен кетүүгө жол ачмак. Ошону Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган.

Революционерлер Жогорку Кеңештин имаратына келип, “Акүйдөй кылып талкалайлы” деп атканда мен аларга чыгып ошол мыйзамды окуп берип, анан элдин көзүнчө Курманбек Салиевич кол койгон. Мына ошондон тартып, революция болду деп эсептесек болмок. Бирок ал мыйзам күчүнө кирген жок. Күчүнө кирбегенден кийин бир адамдын ордуна башка адам отуруп эле, саясат өзгөрүлгөн жок, мурунку нугу менен кеткендей болуп калды.

Бир аз өзгөрүүлөр жасалып жатканда революция жасаган адамдар биринин артынан бири кызматтан алынып, Акаевдин убагында иштеген адамдар кайра эле ордуна келип, арыктын суусу бир аз бурулуп барып, кайра өзүнүн нугуна түшкөндөй болду. Ошон үчүн элдин айтымы боюнча мурункуга караганда коррупция абдан күчөп баратат. Аны мен дагы өз ишимден байкап калдым. Ушуга каршы чоң күчүмдү салгандай болдум, бирок иштейсиңби, иштебейсиңби, жакшылык жасайсыңбы, же жокпу, баары бир система бардык адамды кызмат эле эмес, башка жактан да сындырууга күчү бар экен.

Революцияны жасаган адамдар ар бирибиз өзүбүздүн иштеген жерибизде революциялык максаттарды аткаралы деген ой менен иштеп жаттык. Мисалы, Азимбек Бекназаров башкы прокурор болуп иштеп жатканда мурда жабылып калган Аксы боюнча иштердин баарын кайра ачып, мыйзамсыз менчиктештирилген иштердин баарын кайра козгоду. Бирок коррупциянын күчү ушундай экен, ал бир заматта эле кызматтан алынды.

Роза Отунбаева эч нерсе сүйлөбөй эле тышкы иштер саясатын оңдоюн деди, Алефтина Проненко социалдык жагдайды оңдоюн деп, ар бирибиз мурда айтылган сөздөрдү иштеген тармакта ишке ашыралы дедик. Бирок баары иштен алынып калды. Парламент дагы башка саясатты жүргүзүп, президент ошол тарапта болуп калды. Ошолордун колу менен көп революционерлер кызматка бекилген жок. Мен да Транспорт министрлигине бекибей калдым.



Бүбүкан Досалиева: - Кочкордо, Жалалабатта жана башка жерлерде парламент таратылсын деген талап менен көп митингдер болгон болчу. Мамлекет башына келген Курманбек Бакиев эмне үчүн бул талапты аткара алган жок?

Ишенбай Кадырбеков: -Мен бир кызык окуяны айтып берейин. 24-мартта биздин кеңсе Улуттук коопсуздук кызматынын имаратында болчу. Ошол жерге Ревкомдун бардык мүчөлөрү - Бекназаров, Проненко, Отунбаева, Бектур Асанов, баарыбыз чогулуп туруп, парламентти таратыңыз деп айттык. Ал киши макул деди. Анан баарыбыз бир бөлмөгө отуруп алып, элге кайрылуунун текстин жаздык. Эч ким билбесин деп, чөнтөк телефондорубуздун баарын өчүрүп коюп жаздык. Анан аны кечинде Малеванная саат 11де түз эфирден окумак болду. Текстти жазып бүтүп, кол койдурганы келгенде ал киши парламентти таратуудан баш тартты.

Бүбүкан Досалиева: -Себеп?

Ишенбай Кадырбеков: -Себебин айткан жок. Революциялык комитет бул гана эмес көп маселелер боюнча сунуштарды айтып, талап кылып жаттык. Маселен, тандем болгондо да өз пикирибизди айтып, талап кылып, катуу сөздөр болуп жатты. Мүмкүн ошол себептен бирден-бирден кетирип отуруп, бийликтен четтеп калдык. 25-мартта премьер-министрликке бекип калгандан кийин аны кайра-кайра алмаштыргандай оюнчук эмес да! Биз колубуздан келгенди жасап жаттык. Бирок бизди аз-аздан четтетип отуруп, акырында башка команданы түзүп, мурунку бийликте чогуу иштеп жүргөн адамдар азыр бийликке келип калбадыбы...

Бүбүкан Досалиева: -Демек мурдагы бийликтин өкүлдөрү эле таасир бердиби же башка жагдайлардын да таасири тийдиби?

Ишенбай Кадырбеков: -Бул жерде көп себеп бар. Биринчиден, Курманбек Салиевичтин өзүнүн мүнөзү. Мүнөзү күчтүү кишилер таасирге берилбейт, бирок баарыбыз пендебиз. Баары бир тегерегинде биртуугандар, бала-бакыра деген бар. Алардын таасири болуш керек. Анан эң негизгиси - президенттик администрациянын башчылыгына мурун администрацияда иштеп жүргөн тажрыйбалуу адамдар, маселен Медет Чоканович Садыркулов келип калбадыбы. Адам деген өзгөрүлбөйт да! Бүгүнкү ички идеологияны да, тышкы идеологияны да иштеп чыгып жаткан президенттик администрация да!

Тилекке каршы, эгерде бүгүнкүдөй саясат менен алга жылуу боло берсе, анда 14 жылдан кийин мурунку режимге чыдабаган эл бүгүнкү режим боюнча кыска эле убакытта өз сөзүн айтышы мүмкүн. Азыр көпчүлүк байкабай жатат - президент бүткүл эл тарабынан шайлангандан кийин бүткүл элдик адам. Ал киши өз партиясын түзгөндөн кийин башка партиялар өгөй болуп калды. Мындай болушу мүмкүн эмес. Эгер партия Америкадагыдай президенттикке шайлап алып келсе бир команда болот. А президент эл аркылуу шайланып алып, анан элдин бир бөлүгүн меники, калганын меники эмес дегени саясий чоң ката. Эл аны дароо эле түшүндү.

Азыр “Ак жолго” добуш бердим деген адамды таба албайсыз. Бергендер да уялып жатышат. Бул каршы добуш берүү дегенди билдирет. “Бүгүнкү саясатыңа ишенбейбиз” деп эл өзүнүн сөзүн айтып койду. Бара-бара эл президенттин командасына ишенбеген аң-сезимге келип калды. Андан дагы эң бир жаман нерсе - түштүк, түндүк дегенди мамлекеттик башкаруу формасы катары алып, мамлекеттик деңгээлге көтөрүү чоң доо кетирди. Эми ал жараканы кайра чаптоо абдан кыйын. Эл ишенбей калды.



Бүбүкан Досалиева: -Ага карабастан акыркы үч жылда азыркы бийлик жүргүзгөн эң жакшы көрүнүш деп эмнени баалайсыз?

Ишенбай Кадырбеков: -Жакшы деп айта турган нерсе жок. Таңкала турган нерсе - эң негизги баалуулук бул адамдын укугу. Андан өйдө эч нерсе жок. Ал күндөн-күнгө жоюлуп баратса, баа көтөрүлүп жатса, электр энергиянын баасын көтөргөн жатса...

Бүбүкан Досалиева: -Азыр оппозициянын айрым өкүлдөрү Кыргызстандын бийлигинде мамлекеттин келечегине душман катары мамиле жасаган адамдар отурат деп айтып жатышат. Мунун чындыгы барбы?

Ишенбай Кадырбеков: -Мен бир мисалды айтайын. Мен Курулуш агенттигинин башында турганда 8 мектеп урап калган. Ошондо президент мени, Нур уулу Досболду , Жапаровду чакырып, “окуу башталганга 3 ай калды, сентябрда талаада калышпасын, куруп бергиле”, - деди. Мен “Советтер союзу убагында мектепти бир жарым жылда араң курушчу эле, мен кантип курам?”, - дедим. “Куруп бер, башка айла жок”, - деди. “Анда куруп берейин, мени колдогула, мен жаңы технология менен иштей баштайм”, - дедим. Куруп бердим. Бирок бүгүнкү күнгө чейин прокуратура, Эсептөө палатасы артыман түшүп, мунусу жаман, тигиниси мыйрык деп атат. А мектептер иштеп жатат. Катуу суукта да жыпжылуу болуп турду.

Кийин Кочкордо, Баткенде жер титирегенден кийин мектеп, медпунктарды курдук. Алардын ачылышына президент өзү катышты. Бирок куруп бүтөөрү менен жамандаш үчүн жарыкты өчүрүп, комиссияларды алып келип муздак деп, эмнелерди гана жасабай жатышат. Бул президент өзү кепил болуп, колдоп берем, жасап бер деген иштин аягы ушинтип жатканы бүгүнкү саясаттын жүзүн көрсөтүп жатат.

Жакшы нерсе жасасаң эсепке кирбейт, бүгүн эсепте башка нерсе. Буга губернатор, акимдер жана жергиликтүү бийликтин бардык өкүлдөрү, мектеп директорлору катышып жатышат. Алар өз ою менен жасаган жери жок. Демек үстүнөн буйрук берилип жатат. Кепил болгон адам сыртта калып, анын тегерегиндегилер башкарып жаткандан кийин буга түшүндүрмөнүн кереги жок!

Бүбүкан Досалиева: -Сиз азыр кайсы партияга мүчөсүз? Себеби 2005-жылдын алдында менин билишимче, бир партиядан экинчи партияга өткөн учурларыңыз болгон.

Ишенбай Кадырбеков: -1985-жылдан бери Коммунисттик партиядамын. Кийин Масалиевдин партиялык саясаты менен макул болбогондуктан Социал-демократиялык партиянын түзүлүшүнүн башында болгом. Тилекке каршы мурунку Акаевдин убагында партиялык тизме менен шайлоо болбодубу беле. Ошондо биздин Социал-демократиялык партия бардыгы тең бийликтин сасаяты менен макул болуп, ошолор менен СПС түзүп, чогуу съезден добуш берип жатканда, мен жалгыз каршылыгымды билдирип, анан көпчүлүгү ошого макул болгондон кийин мен партиядан чыгып кеткем. Анан көп жыл партиянын мүчөсү болбой жүрдүм. Акырында Комунисттер чогулуп, бир жол менен кеткенде партияга киргем.



Бүбүкан Досалиева: -2005-жылдын 24-марттын кечинде Жогорку Кеңештин эки палатасынын депутаттары Жогорку Кеңештин имаратына чогулуп, башка дагы оппозиционерлер чогулуп, ошол жерде кеңеш кургансыздар. Анан Абдыганы Эркебаев төрагалыктан өзү арызы менен кеткенде сиз төрага болуп калып, мамлекеттин башына келип калгансыз. Ошондо канча саат мамлекет башчысы болуп калдыңыз жана эмне үчүн ошол учурду колуңуздан чыгарып жибердиңиз? Буга башкы себеп эмне болду?

Ишенбай Кадырбеков: -Бул жерде күнөө - менин өзүмдүк адамдык мүнөзүмөн. Бийлик ошондо менин өзүмдүн жеке колумда болчу. Ошол эле түнү коалициялык өкмөт түзүп, ИИМге министр коюп, СНБга тиешелүү кишини коюп, прокуратурага дагы бирөөнү коюп туруп, саат 9га чейин СНБдан макулдук алып туруп президент боло тургандай менин 100 пайыз мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Бирок биздин Революциялык комитет бар болчу. Анын чечими менен Курманбек Салиевичти колдоп кеткен да, ушуну президентке көтөрөбүз, ушул киши болсун деп. Алар менен мен бир команда болсом, экинчиден, мен эмес, эл революцияны жасаса, команда жасаса, мен болсо өз кызыкчылыгымды ойлоп туруп бийликке келип калсам кайсы бетим менен карайт элем өзүмдүн командамды? Ушундай ойлор менен ич күйбөй, эч нерсе болбой, эртеси күнү Бакиев премьер-министрликке туруп калганга өзүм дагы сүйүнүп, ыраазы болдум. А бийликти алып коюш негизи оңой эле болчу.

Бүбүкан Досалиева: -Ошол жаны бийлик келгенде, вице-премьер-министрлик кызматта турдуңуз, андан кийин транспорт министри болдуңуз, кийинки учурда Архитектура башкармачылыгын жетектедиңиз. Ушул жылдардын аралыгында кандай максат менен иштедиңиз, анан сиздин ишиңизге башкы тоскоолдук эмне болду?

Ишенбай Кадырбеков: -Ошол түнү дагы сүйлөшкөнбүз, Азимбек Бекназаров үйгө келип, Революциялык комитетте жолугушуп, Азимбек айтты: “Мына, Ишенбай өзү турат, бийликти талашкан жок, Курманбек Салиевич сизге бата берип жатат”, - деп. Ошондо Үсөн Сыдыкович жана бардыгы бар эле, бардыгы сүйүнүп, тирешпейли деп, вице-премьер-министр болуп иштеп тур дегенге макул болуп иштеп кеттим.

Андан кийин эле мени алып коюшту. Чакырып эле, бир күнкү жыйында “ушул вице-премьерликтен мен сизди бошоттум, Керимкуловго берейин деген оюм бар”, - деди. Себебин түшүндүрбөй эле айтты. Азимбек деле, бардыгыбыз деле таң калдык. “Башталган экен”, - дедим. Болуптур дедим дагы, анан кийин Транспорт министрлигинде колдон келишинче иштеп жаттым.

Парламентке сунуш кылып жатканда президентке бардыгыбыз айттык, өзүңүз барып тааныштырыңыз, себеби бул парламент 24-мартта болгон революцияны кечирбейт. Ооба дегендей эле болгон. Бирок представление кагаз жүзүндө гана болду, өзү келген жок, бизди болсо парламент добушун бербей министрликке өткөрбөй койду. Өткөрбөй койгондо эле бир сутканын ичинде жаңы талапкерлерди сунуш кылды. Мындайча ой калды да, даяр болгон, билген өтпөөрүбүздү, мурдатан даярдалган. “Шак” эле жаңы талапкерди өткөрүп калды. Ошондо президент дагы өзү катышып, ал жаңы талапкерлерди сунуш кылды. Парламентке келди, алар өттү.

Ошондо өзүбүзчө ойлоп койдук, “бул экинчи удар болгон экен, бирден-бирден термелейт экен” деп. Анан кийин Азимбек Бекназаровду жумуштан бошоткондо эле чогулуп туруп сүйлөштүк, бардыгыбыз кетели деген ой болду. Азимбек өзү айтып калды, “битке өчөшүп көйнөктү өрттөгөндөй болбойлу, бардыгыбыз кетип калганда ким калат?”, - деп. Андан кийин Госстройго сунуш кылды. Макулдугумду берип иштеп калдым. Бүгүнкү күндө Госстройдун инвестициясы башка министрликтен эки-үч эсе өйдө. Андан кийин указ менен жумуштан алып калды.



Бүбүкан Досалиева: -Ага эмне себеп болду?

Ишенбай Кадырбеков: -Себеби түшүнүксүз. Башкаларга мисалы “башка жумушка которулган себептен улам жумуштан бошотулсун” деп жазылып жатпайбы. Бул жерде жөн эле бошотулсун, Анарбаев дайындалсын деген указ чыкты. Бирок мен саясатчы катары жакшы эле түшүнүп жатам эмне үчүн болуп жатканын. Жакында президенттик шайлоо болгон турат. Күч алып келе жаткан, авторитеттүү адамдардын кереги жок. 2010-жыл эртең эле болот. Негизги саясат 2009-жылы башталат.

Экинчи себеби - мени жумуштан алайын деген адамдар дагы көп болчу. Бул коррупциялык система. Курулуш - бул миллион, миллиарддаган акчанын тегерегинде болуп жаткан нерсе. Көп курулушчулар мыйзамсыз, туруктуу эмес үйлөрдү кура баштаган. Алардын бардыгын токтотууга мажбур болдум. Бул миллион, миллиарддаган акчаларды токтотушка барабар болуп калды.

Биз сейсмикалык аймакта жашап жатабыз, жер титиреп, 9 кабаттуу үйлөр курап калса, миңдеген адамдар өлүп калышы мүмкүн. Ошондуктан бул жерде катуу саясат керек. Алардын дагы катуу кысымы, сунушу болду. Анан үчүнчүдөн, менин ордума келейин деген адамдар дагы көп болду да. Ошолордун бардыгын кошкондо президент саясатчы катары, чогуу иштешели деп бири-бирибизге убада бергенден кийин иштешсе болмок. Демек акыркы эки себеп шылтоо болду дагы, негизинен саясий чечим болуп калды деген ой бар.



Бүбүкан Досалиева: -Кыргыз бийлигиндеги көпчүлүк адамдар мамлекеттик башкаруу системасынан кеткенден кийин эле эмнегедир оппозиция болуп кетишет. Сиз дагы оппозициянын тобуна кошулдуңузбу?

Ишенбай Кадырбеков: -Ушул жерден бир түшүнүк бериш керек да. Жакында тогуз киши отуруп калдык бир жерде. Анан сөздөн-сөз чыгып эле, бугүнкү саясат жөнүндө сөз болуп калды. Бугүнкү бийликти оңго-солго чапкылап, ыраазы болгон адам болгон жок. Ал жерде түштүктөн дагы, түндүктөн дагы бардыгыбыз отурганбыз. Анан аягында айтып калды: “Ай, Ишенбай, оппозиционерлер кайда жүрөт? Ушуну чыдап коюп жүрө беребизби?” деген сөз болуп калды да. Анан мен айттым: “Ай, айланайын, мен силер менен чогуу отурам, тогуз оппозиционерди көрүп жатам”, - дедим. “Кандайча биз оппозиция?”, - деп сурашты. “Мына тогузуңар отуруп, үч сааттан бери оппозициялык сөздү сүйлөп жаттыңар. Булар өзүңөрдүн принципалдык оюңар экен. Демек оппозиция адамдын аң-сезиминен болот. Мына тогузуңар бүгүнкү бийликтин саясатына макул эмес экенсиңер, аң-сезимиңер бийликке оппозиция болуп калды. Эгерде тогуз киши, башка адамдар ушундай оппозиция болсо, оппозицияны жолго алып кете турган адамдар оңой эле табылат. Негизги оппозиция эл болуш керек. Элдин аң-сезими болуш керек”, - деген түшүнүк бердим да.

Жанатан бери менин сүйлөп жатканымдын өзү оппозициялык сөз, бул менин оюм, пикирим, аң-сезимим. Бирок бул эртең эле башкарып, пикетке чыгат дегенди түшүндүрбөйт. Эң негизгиси - менин аң-сезимимде өзүнчө бир революция болгону көрүнүп турат да. Иштеп жатканда эле ошондой болчу. Бирок дудук болуп жүргөнүм, бир командада болгондон кийин, сөз бергенден кийин иштейин деп аягына чейин иштеп жүрдүм. Бирок негизги менин аң-сезимим оппозиция болуп калды.

Менин оюмча мен жалгыз эмесмин. Бүгүн 70-80 пайыз эл ошондой болуп калды. Мына ушул күч - оппозиция. Учуру келет, эртең, же бир жылдан кийин келет, эл даяр болуп калса 24-марттагыдай болуп калат. Биздин кыйындыгыбыздан эмес, эл даяр болгону үчүн көчөгө чыкты. Демек эл өзүнүн аң-сезими менен бүгүнкү болуп жаткан саясатка макул болбой калган экен. Бүгүнкү элдин ички дүйнөсү күндөн-күнгө эмес, саат сайын, өзгөчө базардагы баа өскөн сайын өзгөрүп жатат. Өзүнүн шайлаган адамдары дудук болуп жатса...

Анан эң негизгиси - президенттик шайлоо болуп жатканда саясатчы катары президент Бакиев анчалык чоң деңгээлде эмес болчу. Эмне үчүн эл добуш берди? Ал кезде тандемге добуш берди. Ал кезде командада Кадырбеков, Бекназаров, Бектурлар бар экен деп, командадагы ар бири өздөрүнүн адамдары Бакиев менен чогуу турбайбы деп ошолор добуш берип, президент болгон. Эгерде өзү жалгыз чыкса, ким билет...

Эми ошол эл командага добушун берсе, ошол балдар-кыздардын бардыгын сыртка чыгарып коюп, жаңы команда келип жатса, легитимдүүлүк дагы болбой калып жатат деп ичинен нааразычылык па
йда болуп, оппозициялык ой пайда болот. Мына, оппозиция деп ушуну айтыш керек. Оппозиция – бул эл.

Бүбүкан Досалиева: -Сиз саясатта көп жылдан бери жүргөн адамсыз. Азыр эл арасында 2009-жылга жетпей эле, президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн деген сөздөр айтылып жатат. Сиз ошондой сөздөргө ишенесизби?

Ишенбай Кадырбеков: -Имиш сөз жөн жерден чыкпайт. Аны кээ бирде бийликтер таратып коет. Бул имишти атайын таратып жатышат. Дагы элдин оюн билүү үчүн, буга бышыптырбы, даяр бекен деп бул имишти таратып жатышат. Изилдөө жүрүп жатат. Бул саясий оюндун, технологиянын бир формасы. Муну бийлик өзү жасап жатканына менин көзүм жетип турат. Демек болуп калышы мүмкүн.

Бүбүкан Досалиева: Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG