Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Нооруз майрамына карата уюштурулган маданий иш-чаралар, жакында эле Бишкекте өткөн Үчүнчү эл аралык балет фестивалы жана кыргыз маданиятынын учурдагы абалы тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна маданият жана маалымат министри Султан Раев жооп берди.

-Султан мырза, бүгүнкү Нооруз майрамыңыз менен!

-Рахмат, мен дагы бардыгыңыздарды Нооруз майрамы менен куттуктайм!

-Рахмат. Бүгүн Нооруз майрамына арналып, Бишкектин Алатоо аянтында театралдаштырылган оюн-зоок өтөт эмеспи. Ага кимдер катышат? Программасы кандай болуп түзүлдү? Аны өткөрүүнүн негизги идеясы эмне болду? Мына ушул суроолор бизди кызыктырып турат.

- Нооруз майрамы чыгыш элдери үчүн өтө маанилүү майрам. Бул майрам эч кандай саясатташпаган, илгертеден бери келе жаткан, табияттын жанданышына, адамдын ички жан дүйнөсүнүн тазарышына багытталган чоң майрам болуп эсептелет. Ошондуктан бүгүнкү майрамыбыз дагы салттуу түрдө “Бар бол, Нооруз” деген театралдаштырылган көрсөтүү менен башталат. Мунун негизги идеясы – жаратылыштын жаңыланышына, адамдын жан дүйнөсүнүн жаңыланышы, тазарышы, аруулук жөнүндө, бири-бирибизге таза ниет, таза сезим, бири-бирибиздин ынтымагыбыз, биримдигибиз, элибиздин бардар турмушу жөнүндөгү жакшы бир идеялар бар. Ошону бүгүн театралдаштырылган көрсөтүүдө чагылдырылган.

-Ушул дүйшөмбүдө аяктаган Эл аралык балет фестивалы чынында кыргыз искусствосуна жаңы бир дем бергендей болду. Ал аяктап жатканда ушундай классикалык искусство фестивалдарын эми үзбөй өткөрүп турабыз деп айттыңыз. Эми дагы кандай тармак боюнча, кандай деңгээлдеги фестивалдар болот?

-Албетте классикалык искусство биздин искусствонун өзөктүү бир канаты болуп эсептелет. Ошондуктан ушул классикалык искусствону жандандыруу маселеси биздин Улуттук программабызда кабыл алынган. Ал 2010-жылга чейин, муну президент колдоп берген. Ошонун алкагында биз Эл аралык балет фестивалын өткөрдүк. Ошондой эле аны биздин атактуу бийчибиз, СССРдин эл артисткасы Бүбүсара Бейшеналиеванын элесине арнадык.

Эми мындан ары ушул системабыз уланып, классикалык искусствону жандандыруу маселесин колдоп жатабыз. 2009-жылы Эл аралык вокалдык искусство боюнча фестиваль өткөргөнү жатабыз. Аны биздин улуу ырчыбыз Болот Миңжылкыевге арнайбыз.

Негизинен мына ушул классикалык искусствону жандандырышыбыз керек. Азыр бир топ маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле Улуттук опера жана балет искусствосун жандандыруу боюнча композиторлорду жаңы чыгармаларды жазууга бизде ушундай келишим түзүп, жаңы чыгармалардын, репертуарлардын байышына, классикалык искусствонун өнүгүшүнө аракеттерди жасап жатабыз.

Кечээ өткөн фестиваль чынында эле коомчулукта, жалпы эле эл аралык аренада абдан чоң резонанс болду. Кыргызстанга дүйнөлүк балеттин жылдыздары келди. Бул биздин маданий аброюбузду көтөрүүгө түрткү болду. Ошондой эле “Өлкөнүн маданий имиджи – искусство аркылуу” деген жаңы программанын үстүндө иштеп жатабыз. Ошондуктан эл аралык фестивалдарды өткөрөбүз, ошондой эле кыргыз искусствосун башка мамлекеттерде таанытуу боюнча бир топ аракеттерди жасап жатабыз. Себеби кыргыз маданияты – бир эле кыргыз эмес. Ошон үчүн бул боюнча алдыбызда чоң иш-чаралар бар.

-Акыркы жылдары Опера жана балет театрында үйлөнүү тойлору өтүп, классикалык балет жана опера коюу иштери басаңдап калган эле. Бул искусствонун сүйүүчүлөрү кандай чыгармаларды көрө алышат? Классикалык музыка, опера мыкты кесипкөй чеберлерсиз ишке ашпайт да. Ошол кесипкөй адамдар башка чет өлкөлөргө кетип калышты эле. Аларды кайтарасыздарбы жана кантип кайтарасыздар?

-Албетте. Мындан 5-6 жыл мурда биздин классикалык искусствонун храмы болгон театр, өзүңүз айткандай, ар кандай иш-чаралардын чордонуна айланып кеткен да. Ушул храм биздин классикалык искусствонун өнүгүшүн көрсөтө турган жай болуш керек. Ошондуктан биз ушул маселеге негизги басым жасайбыз. Эч кандай иш-чараларга дагы уруксат бербейбиз. Жалгыз гана искусствонун храмы болушу керек да.

Туура айттыңыз, ошол Опера жана балет театрынын негизги өзөгүн таланттар түзөт. Азыр бизде акыркы 1-2 жылдын ичиндеги жандануудан улам, чет өлкөгө кеткен артисттерибиз, бийчилерибиз, ырчыларыбыз кайра келип жатканы бул өтө жакшы көрүнүш. Кайрадан бизде классикалык искусствонун жандана баштаганын сезип, алар кайрадан өзүбүзгө келе баштады.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG