Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:17

Кытай Тибетке кошумча аскерлерин жиберүүдө


Күбөлөрдүн айтымында, узун аскерий колонналар тибет жана кошуна аймактарга карай жылууда. Анын алдында Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары 16-мартта Сичуан провинциясында кытайлык полиция коргоонуу максатында 4 козголоңчуну атып өлтүргөнүн кабарлашкан. Алгачкы жолу өлкөнүн расмий маалымат каражаттары Тибетте башталган антиөкмөттүк толкундоолор Чыгыш Кытайга жайылганын моюнга алышты. Расмий маалыматтарга ылайык, нааразылык акцияларынын маалында 13 киши набыт болгон. Тибеттик активисттер өлгөндөрдүн саны 100дүн айланасында дешүүдө. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс болсо тараптарды зомблуктан карманууга чакырды.

XS
SM
MD
LG