Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Президент Курманбек Бакиевдин кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосу, 24-Март Ынкылап күнү катары белгилениши тууралуу пикири менен Бишкек Гуманитардык университетинин профессору, коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов бөлүштү.

-Тилектеш мырза, президент Курманбек Бакиев өлкө элин бүгүнкү Нооруз жана 24-Март Ыңкылап күнү менен куттуктап, Кыргызстандын келечеги жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн бардык саясий күчтөр менен коомчулукту биримдикке чакырды. Президенттин бул чакырыгы азыркы бийликтин саясатына ыраазы болбой турган саясий күчтөрдү бириктире алабы?

-Мен сөз башында айта кете турган маселе – элге кайрылууну кечээ сыналгы аркылуу көрдүк. Текстин окудук, бүгүн балким гезиттерге чыгаар деген ой бар. Бирок ошого карабастан айта турган маселе, мындай кайрылуулар ар бир мамлекет башчысы эл аралык, улуттук майрамдарга, жергиликтүү ар кандай азем-салтанаттарга карата жасала турган көрүнүш. Бирок бул жолку биздин мамлекет башчыбыздын кайрылуусу башкача кырдаалда болду. Себеп дегенде ал киши өзү бул жерде жок, алыстан туруп жазып жатат.

Экинчиден, албетте бул кайрылууга жалпы мүнөздөмө бере турган болсок, кандайдыр бир деңгээлде айтылып жүргөндөй конкретика жетишпегендей, тек гана үндөө, үгүт-насыят таризинде болуп калгандай таасир калтыргандыгын мен жашыра албаймын. Албетте бул кайрылуу Акүйдүн эле кабаттарында пайдаланып, даярдалып жазылган. Ошондуктан бул кандайдыр бир деңгээлде кыргыздар айтып жүргөндөй “алыстан жаздым салам кат” дегендей таасир калтырып жатат. Бул жалпы эле менин өзүмдүн көз карашым. Ошол эле учурда албетте бул кайрылуунун эң эле негизги өзөгүн коомубуздагы ар кандай саясий күчтөр биригиши керек деген талап коюлуп жатат.

Бирок ошол эле учурда бул жерде аны кантип ишке ашырыш керек, кандай жолдор менен алардын бардыгын жүзөгө ашырыш керек, ушул жөнүндө эч кандай ой-пикир бөлүнгөн эмес. Ошондуктан бул кандайдыр бир деңгээлде куру чакырык катары таасир калтырып жатат.

Экинчиден, эгерде биздин жогорку бийлик ушундай биримдикке, араздашып, бой тирешүүгө каршы чыга турган болсо, анда өзү эң алды бир-эки кадам алдыга таштап, ошол оппозициялык кыймыл-күчтөр, башка демократиялык бутактар менен өз ара пикир келишип, диалогго барып, кол сунушу керек эле. Тилекке каршы мындай сунуштар, көз караштар бул жерде чагылдырылган эмес. Ошондуктан кичинекей деңгээлде гана кур чакырык таризинде калып калган эле деп айтар элем.

-Сиз окумуштуулар жана студенттер арасында жүргөн адам катары айтасаңыз, 24-Март Ыңкылап күнүн коомчулук кандай кабыл алып, кандай майрамдаган жатат?

-Биздин президентибиз Жогорку Кеңешке өзүнүн ыраазчылыгын билдириптир. “Мен тиги жакта жүргөндө, силер Улуттук майрам катары бекитип койгон экенсиздер, сиздерге абдан ыраазымын” деген көз карашта. Бул албетте эми ал кишинин өзүнүн каалоосу деңизчи, бирок ошол эле учурда калың элдин, коомчулуктун, оппозициялык күчтөрдү, өкмөттүн эмес уюмдардын, анын арасында карапайым калктын да өзүнчө көз карашы, өзүнчө пикири бар да.

Ошондуктан азыркы учурда биздин коомубузда бул маселе боюнча бир багыттагы көз караш, бир багыттагы пикир такыр жок деп айта аламын. Канча адам болсо, ошончо көз караш. Менин билишимче элдин басымдуу бөлүгү муну чыныгы Элдик революция катары даңазалап, майрамдоого эч кандай шарт жок. Анын биз данек-бутагын көрө элекпиз дегендей көз караштар жаралууда. Ал эми Жогорку Кеңеш болсо бардыгыбызга белгилүү да, жалаң “акжолчулардан” түзүлгөн, жогору жактан кандай сөөмөй кезесе, ошончолук деңгээлде аткарып коюшат. Мунун бардыгы жалпы улуттук деңгээлде иликтенбей туруп эле, түз Жогорку Кеңештин өзүнүн эрк чечими менен чыгарылып койгон деп эсептейм. Ошондуктан муну бир беткей айтууга болбойт.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG