Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:50

13:43 Д.Кислов: Орусияда мигранттардын өлүмүнө мамлекет жана коом күнөөлүү


Бүгүн Расалык дискриминацияга каршы күрөшүүнүн эларалык күнүндө “Фергана.ру” маалымат агенттигинин башкы редактору Даниил Кислов “Азаттыктын суроолоруна жооп берди. Учурда Москвада жашап жаткан журналисттин ишениминде, Орусияда азыр мамлекеттик деңгээлде мигранттарды дискриминацияга алуу идеологиясы жок. Анткен менен орус жергесинде иштеген башка улуттагы мигранттар улутчулдардын колунан өлүп жатышына, эң оболу, көп сандагы мигранттардын келишине даяр болбогон орус коомчулугу жана акыркы 15 жылдын ичинде улутчулдуктун алдын алуу үчүн эч кандай чара көрбөгөн мамлекет күнөөлүү. Даниил Кислов, мындан сырткары, быйылкы жылдын башынан тарта эле 10дон ашуун кыргыз жараны Орусияда киши колдуу болгонун айтып, бул окуяларды Орусиядагы негизги маалымат каражаттары такай чагылдырып жатышканын “Журналисттик жана саясий коомчулуктар маселеге чындап тынчсызданып жатышканы” менен түшүндүрдү. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG