Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

15:20 Оппозициянын чоң кемчилиги –Акаевдин ордуна Бакиевди апкелгени болду


Бул тууралуу март ыңкылабынын уюштуруучуларынын бири Качкын Булатов “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маектешүүсүндө билдирди. Анын айтуусунда март ыңкылабын жасаган оппозициянын айкын-ачык программасы, максат-милдеттери жок болчу. “Аскар Акаев кызматтан кетип, анын ордуна өндүрүшчү Курманбек Бакиев келсе эле, Кыргызстанда жашоо оңолуп, өлкө өнүгөт, деп ойлошчу. Бирок баары тескерисинче болуп чыкты, демократия да, экономикалык өнүгүү да болбой, коррупция мурдагыдан көбөйүп кетти,” - дейт Качкын Булатов. Ал эми “Таза коом” партиясынын теңтөрагасы Табылды Акеров мурда айтылган убадалардын көбү аткарылбай, кагаз жүзүндө гана калды, деп эсептейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG