Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

“НООРУЗ” САЛТАНАТЫ БИШКЕКТЕ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн Бишкектин борбордук “Алатоо” аянтында “Нооруз” майрамына арналган театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды. Ага катышкан өкмөт башчы Игорь Чудинов кыргыз тилинде калайык-калкты майрамы менен куттуктап, мамлекет демократиялык өнүгүү жолунда бара жатканын айтты. Аянттагы салтанатка келишкен шаардын айрым тургундары баанын өсүшү, учурдагы кымбатчылык майрамга кадыресе терс таасири тийгенин белгилешти.

"Алатоо" аянтындагы Нооруз майрамына арналган оюн-зоок салт боюнча адаттагыдай «Алас-алас» менен башталды.

«Алас, алас!
Ар балээден калас.
Шириндик тартсын тилиңди,
Отко тазарт дилиңди.
Бүт аалам, адамзат кенчи күүлөнүп,
Ай-аалам нурга бөлөнүп,
Жаңырып комуз күүлөрү,
Жылгалардан кар ээрип,
Алатоо койну кулпунуп,
Жергеме келди жаңы күн,
Тилегин коштоп туп-тунук!»


Бишкек шаар башчысы Данияр Үсөнов шаардыктарды жана меймандарды «Нооруз» майрамы менен куттуктап, сөз кезегин премьер-министр Игорь Чудиновго узатты.



-Кымбаттуу Кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер! Мына бүгүн тарых дагы бир жаңы барагын ачты. «Нооруз» - жаңы күн, бул элдик майрам. Жаңы жылда кекти кечирип, терди тазалап тосуу эмне деген керемет. Урматтуу мекендештер! Мен силерди ушул улуу майрамыңар менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргыз тилинде куттуктоосун жолдогон премьер-министр расмий тилде өлкөдө өткөн жылы Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганын белгилеп, тарыхта биринчи жолу партиялык тизме менен парламенттик шайлоо өткөрүлүп, мамлекет демократиялык жол менен өнүгүп баратканын билдирди. Чудинов ошондой эле кыйынчылыктарга карабай экономиканын өсүү динамикасы сакталып, бюджеттин чыгаша бөлүгү негизинен социалдык муктаждыктарга сарпталарына токтолду.

Майрамдык шаан-шөөкөт өнөрпоздордун, бийчи-чоорчу, ырчылардын концерти менен улантылды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей бүгүн республиканын бардык аймактарында «Нооруз» майрамы салтанаттуу белгиленүүдө. Бишкек шаарынын жаңы конуштарында, жогорку окуу жайларында да жаңы жылдын каада-салттары менен майрам уланып, эс алуу гүлбактарында ыр-күүлөр жаңырды.



Нооруздун салтанатына аянтка келишкен Бишкектин тургундарынын майрамдык маанайларын билүү максатында айрымдарына микрофон сундум.

-Кудай буюрса майрам аябай жакшы болуп жатат. Күн дагы ачык тийип, көңүлүбүз көтөрүңкү. Эл көп. Кыргыз элинде тынчтык болуп, ар дайым ушундай жакшы майрамдар улана берсин. -деди Гүлбара Казакова.

Ал эми шаар тургуну Памирбек Муратканов баалар өсүп, азык-түлүктүн кымбатташы майрамга кадыресе таасирин тийгизди дейт:

-Азыр баалар асманга чыгып, азык-түлүк эле эмес баары кымбаттоодо. Албетте Нооруз майрамы жакшы, аны майрамдаган ого бетер жакшы. Бирок көпчүлүк элдин турмушу күндөн, күнгө начарлап баратат. Элдин теңинен көбү жумушу жок жүрүшөт. Ошондуктан майрамда айтылган тилектерди айтуу менен бирге “аткаминерлер” кызматчылардын айлык маянасын жогорулатып, турмуш шартын жакшыртуусу зарыл.



Жаңы конуштан уулун ээрчитип борбордук аянтка майрамдап келген убактылуу иштеген жумушу жок Зульфия Осмонова болсо, бийлик элди иш менен камсыз кылса деген тилегин билдирди:

-Мына Орусияда канчалаган мекендештерибиз кул болуп иштеп жүрүшөт. Биздин бийлик дагы атуулдарды иш менен камсыз кылып, Орусиядагыдай курулуштарды көбөйтүп, ишканаларды ачып, эмгек акыларын көбөйтсө деген тилегим бар. Бийликке дагы ушул талапты коет элем.

Осмонова белгилегендей баалардын өсүшү анын үйбүлөлүк “бюджетине” да таасирин тийгизди. “Бир жыл мурда муздаткычым азык-түлүк, тамак-ашка толуп турса, азыр анча-мынча күнүмдүк эле оокат салынып калды”, - дейт Зульфия.

Жолдошбек Кежирбаев “той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, өкмөт тез арада дыйкандарга жардам бербесе, быйыл азык-түлүк кризиси келип чыгат, деген кооптонуусун айтты:

-Азыр биринчи кезекте өкмөт дыйкандарга үрөн, жер айдоого жардам берип, ГСМ, техника менен камсыз кылуусу керек. Азыр азык-түлүк маселеси өтө эле курч, олуттуу маселелердин бири.

Венера Кенжекулова болсо бүгүнкү Ноорузда аруулук, тазалык, ыймандуулукка чакырып, тилек айткан Акүйдөгү чиновниктер ошол айткандарын иш жүзүнө ашырып, мыйзамдуулукту сактаса эле турмуш оңолот деген көз карашта.

-Мына ыңкылап болуп, андагы айткандар ишке ашырылган жок. Бийликтин жазганы менен иштегени бөлөк болуп атпайбы. Ошондуктан Кыргызстанда башаламандыктар болуп кетүүдө. Менимче биринчи кезекте мыйзамды бийик, ыйык тутуп сактап, аткаруу керек. Мыйзам бар жерде тартип дагы, тазалык дагы, адамдардын жашоого көз караштары дагы башкача болот. Баардык жактан мыйзамдуулук болуп, бийликтегилер мыйзамды так аткарышы керек.

"Нооруз кыргыздардын майрамы, бүгүн балмуздакты, таттуу тамактарды көп жедим” деп апасы менен гүлбакта сейилдеп жүргөн беш жаштагы Сабина Өскөн кызы майрамдык каалоо-тилегин айтты:

-Майрамыңыздар менен куттуктайм! Токчулук болсун. Тынччылык болсун. Апам-атам оорубасын.

“Улуу – Нооруз” ыры

Сөзү - Сейит Алтымышевдики, обону- Жалил Сыдыковдуку.

Нур чачып көктөм демине,
Улуу күн келди жериме.
Жаңырган жаңы жыл менен,
Кут болсун Кыргыз элиме.

Хор– Нооруз жаңы күндүн майрамы,
Бул өмүрдүн ак таңы.
Нооруз жан дүйнөгө жаз келген.
Жер эне – кутманы!

XS
SM
MD
LG