Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

17:01 Бишкекте Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук маселеси боюнча семинар аяктады


Казахстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Германия менен АКШдан жарандык жана аскер кызматындагы кырктан ашык жетекчи саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук маселелери боюнча өткөн семинарга катышты. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин медициналык департаментинин өкүлү, полковник Нурадин Айыпбаевдин айтымында, аталган семинар саламаттык сактоодогу коопсуздук боюнча биринчи жолу өткөрүлгөн иш чара. Анын максаты саламаттык сактоо тармагындагы орчундуу маселелерди аймактагы коңшу өлкөлөр өз ара талкуулашып, аны чечүүнүн жолдору боюнча өз алдынча жана биргелешкен чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Борбордук Азиянын төрт өлкөсүнүн өкүлдөрү семинардын жыйынтыгында кырсыктардын медицинасы боюнча аймактык кызматташууну колго алуу үчүн форум уюштуруу жөнүндө макулдашышты. (KCh)

XS
SM
MD
LG