Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Бүгүнтөн баштап Арменияда мындан 20 күн мурда киргизилген өзгөчө абал токтотулду. Бул мамлекетте өткөн президенттик шайлоолордон кийин бийлик менен оппозициянын жактоочуларынын ортосунда 1-мартта катуу кагылышуу болуп, андан 8 адам каза тапкан болчу. Өзгөчө абал алынып салынганы менен Арменияда кырдаал татаал бойдон калууда. Акыркы маалыматтар боюнча оппозиция бүгүн жаңы көчө жүрүштөрүн баштоого белсенип турат.

Кечээ өткөргөн маалымат жыйынында президент Роберт Кочерян өзгөчө абалдын мөөнөтүн андан ары узартууга эч кандай себеп жоктугун, ошондуктан жыйырмасынан жыйырма бирине оогон түнү Армения мурдагыдай эле жөн-жай турмушка кайтып келиши зарыл экенин айтты. Анын пикири боюнча, бул баарыдан мурда жаңыдан шайланып аткан Серж Саркисянга президенттикти өткөрүп берүү үчүн маанилүү болуп саналат:

Менин башкы милдетим – кырдаалды толук турукташтыруу. Ал биз шайлоо өткөргөнгө чейинкидей калыбына келиши керек. Кеп албетте психологиялык фактордо эмес, ал анткени көп убакытты талап кылат. Кеп жакында шайланган президентке кырдаалды көзөмөлдөнгөндөй шартта бийликти өткөрүп берүүдө. Бул боло турган иш.

Армениянын ырасмий маалыматтары боюнча 19-февралда өткөн президенттик шайлоодо азыркы премьер-министр Серж Саркисян оппозициядан чыккан талапкер, өлкөнүн мурдагы президенти Тер-Петросянды утуп алганы жарыяланган, бирок шайлоонун жыйынтыктарын оппозиция дагы, көзкарандысыз көптөгөн уюмдар дагы тааныган эмес. Тер-Петросяндын жактоочулары шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, добуштарды кайра саноону талап кылышкан болчу.

Шайлоодон кийинки тирешүүлөр 1-мартта 8 адамдын жанын кыйган кагылышууга алып келген, анын бирөө полицей кызматкери. Оппозиция каза тапкандардын саны андан көп, ал эми камакка алуулар, кысым болсо катуу күчөдү деп билдирүүдө. Хюман Райтс Уотч баштаган адам укугун коргоочу айрым уюмдар армян бийликтерин кысымды токтотуп, күч колдонууларды калыс иликтөөгө алууга чакырды.

19-мартта Армениянын күч органдары мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет жасаган деп камактагы 106 адамга айып койгонун билдирди. Мындан тышкары Еревандагы толкундоолордон кийин 800дөй адам суракка алынган болчу.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна кечээ – 20-мартта берген интервьюсунда АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча орун басары Даниел Фрейд Армениянын бийлигин демократиялык жолдон тайыбоого чакырды:

- Биз өзгөчө абалдын токтотулуп жатышын колдоого алабыз, бирок көңүл бура турган башка да маселелер бар. Алардын бири – башаламандыкты уюштуруп, күч колдонду деп айыпталып жаткан адамдар. Алардын арасындагы бейкүнөө эле айыпка жыгылып жаткандарын бошотуу керек, ошол эле маалда туруктуулук орноп, оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү зарыл. Бул билсеңиздер Армениянын баардык досторунун тынчын алып жаткан абал.

Арменияда киргизилген өзгөчө абал учурунда адамдардын эркин чогулушуна тыюу салынып, маалымат каражаттарына чектөөлөр киргизилген болчу. Бул кырдаалдын алынып салынып жатканына карабай ушул аптада Армиян бийлиги жаңы мыйзамдын долбоорун сунуш кылды, анда эгер жыйындар, жөө жүрүш, демонстрациялар коомдук тартипке коркунуч келтирсе ага тыюу салуу каралган.

Еревандан алынган акыркы маалыматтар боюнча оппозиция жакынкы арада 1-мартта каза тапкандарды эскерүү жыйынын өткөргөнү турат.

Кубат Оторбаев, Прага
XS
SM
MD
LG