Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Тибетте жана ага жуук аймактарда өкмөткө каршы козголгон калктын аламан аракеттерин басканы кытай бийликтери регионго кошумча аскер күчтөрүн тартып келе баштады. Кагылыштарда коопсуздук күчтөрү элге ок атканын жана бир нече киши өлгөнүн ырасмий мекемелер кечээ биринчи мерте моюнга алышты. Индияда тибеттиктердин лидери Далай-лама менен жолугуп, АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси дүйнөлүк коомчулукту Кытайдын Тибеттеги саясатын айыптоого чакырды.

Нэнси Пелосини Далай-ламанын Индиянын түндүгүндөгү Дхармсаладагы резиденциясына конгресстин делегациясы коштоп келди. Бул визит Тибеттеги окуялар баштала электе пландалган эле. Далай-ламанын резиденциясы алдында чогулган тибеттиктерге кайрылып сүйлөгөн сөзүндө Пелоси дүйнө коомчулугун Кытайдын региондогу саясатын кескин айыптоого чакырды. “Эгер көңкү дүйнөдө эркиндикти сүйгөн адамдар Кытайдагы жана Тибеттеги куугун-сүргүндү сындай албаса,анда бул адам укуктарын сактоо үчүн күрөшкөнгө бардык жерде эч кандай моралдык кадыр-баркыбыз калбаганын көрсөтөт”, - деди Пелоси. Тибеттеги кырдаалды ал “дүйнөлүк абийир сыноодон өтчү жагдай” деп атады.

Бейшемби күнү кытай бийликтери өкмөткө каршы козголгон элге аскерлер курал колдонгонун биринчи мерте моюнга алышкан эле. Синхуа маалымат агенттиги Сычуан провинциясындагы Аба шаарында полиция коргонууга аргасыз болуп, элге ок атканын, төрт киши жарадар болгонун кабарлап, бирок кийин алар тек гана жарадар болду деп маалымдады. Тибет активисттери болсо шаардагы кечилканага жакын жердеги демонстрацияда бери эле дегенде сегиз киши мерт болгонун ырасташууда.

Бийликтер тополоң башталгандан бери баары болуп он үч адам набыт болду дешет. Башка бир булактардын, алардын ичинде жергиликтүү активисттердин эсебинде алардын саны 100гө жетти.

Бейшемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Пекинди нааразылык манифестацияларына катышып жаткандарга байистүү мамиле жасоого чакырган эле. Бирок Ян тибеттиктердин демонстрациялары августтагы жайкы Олимпиаданы үзгүлтүккө учуратуу жана жалпы өлкөдөгү социалдык стабилдүүлүктү бүлүнтүү максатын көздөп жатат, бийликтерге баш бербеген тополоңдорго Далай-лама күнөөлүү деп билдирди.

Соңку маалыматтарга караганда Тибетте, ошондой эле Гансу, Сычуан жана башка провинцияларда коопсуздук күчтөрү кырдаалды күндүр-түндүр күзөтө башташты. Бийликтерге өзгөчө кооптуу көрүнгөн шаар-кыштактарга аскер бөлүктөрү киргизилди, айрымдары курчоого алынды. Полиция тополоңго катышкандарды 25-марттын түн ортосуна чейин өз ыктыяры менен келип, колго түшүп бергенге чакырууда.
XS
SM
MD
LG