Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

11:03 “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчысы менен жубайынын сөөгү табылды


Кечээ Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айлында “Вечерний Бишкек” гезитинин Ысыккөл облусу боюнча өздүк кабарчысы Юрий Александров менен анын аялы Ангелина Александрованын сөөктөрү табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Белгилүү болгондой Юрий Александров жубайы экөө 7-март күнү Бишкек шаарындагы “Пекинская утка” аттуу кафеден чыккан боюнча дайынсыз жоголушкан. Бул ишти иликтөө үчүн Шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен атайын оперативдик топ түзүлгөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка тиешеси бар деген шек менен 23 жаштагы Ринат Казакпаев камакка алынды. Казакпаев каза болгон журналисттин үйүндө жансакчы болуп иштеп келген. Юрий Александров жана анын жубайынын сөөгү Казакпаевдин Маевкадагы үйүнүн жертөлөсүнөн табылды. (ZMa)

XS
SM
MD
LG