Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Гүлайым Ашакеева, Бишкек 21-Maртта дүйнө Расалык дискриминацияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн белгиледи. 1960-жылы дал ушул күнү Түштүк Африкада кара түстүү калкты кемсинткен чечимдерге каршы тынч митингге чыккан элдин ичинде 69 адам полициянын огунан өлгөн. Алты жылдан кийин Бириккен Улуттар Уюму бул күндү Дискриминацияга каршы күрөшүүнүн күнү деп атап, ошондон бери дүйнө коомчулугун адамдарды расалык теги боюнча бөлүүгө каршы үндөп келатат. Анткен менен көптөгөн мамлекеттерде азыркыга чейин адамдарды түсүнө карата бөлүп, кемсинтүү көрүнүшү күч.

Быйыл Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган Адам укуктарынын универсалдык Декларациясына 60 жыл болду. Аталган Декларация дүйнө элдери терисинин өңүнө, тилине, динине, жынысына же дагы бир башка белгилерине карабастан тең укуктуу экендигин шарттаган расмий эл аралык документ болуп эсептелет.

“Дүйнөлүк Коомчулук Пикири” аттуу уюм жүргүзгөн сурамжылоо жалпы дүйнө калкынын 58%ын түзгөн 16 мамлекетте: АКШ, Азербайжан, Англия, Кытай, Египет, Франция, Индия, Индонезия, Иран, Мексико, Нигерия, Палестина, Орусия, Түштүк Корея, Украинада жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында 11 мамлекетте расалык жиктөөнүн деңгээли акыркы учурларда азайып бара жаткандыгы белгиленсе, калган 5 мамлекетте башка өлкөдөн келгендер, башка улуттардын өкүлдөрү кайсы бир деңгээлде расалык негиздеги кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар арбын экендиги айтылат.

Бул беш өлкөнүн бири Орусия - сурамжылоого катышкандардын 3 пайызы орус коомунда расалык жикчилдиктин калдыктары жоюлгандыгын белгилешсе, 20 пайыздан ашуун суроого жооп бергендер, тескерисинче учурда улуттук негиздеги жектөө өсүп бара жаткандыгы байкалаарын айтышкан.

Эл аралык сурамжылоого катышкан москвалык “Левада” аналитикалык борборунун директорунун орун басары Людмила Хахулина коомдук пикирдин мындай чоң ажырымга бөлүнүшүн Орусиядагы бүгүнкү жашоо шарттын татаалдыгы менен байланыштырат:

-Орусияда бүгүн мурдагы совет өлкөлөрүнөн көчүп келгендер, эмгек мигранттары ошондой эле башка өлкөлөрдөн келгендер арбын. Аны менен катар эле өлкөнүн өзүнүн ичиндеги улуттук маселелери дагы арбын. Ошого байланыштуу сурамжылоонун жүрүшүндө айрымдар үчүн расалык тең укуктуулук өскөндөй сезилсе, дагы бирөөлөр үчүн расалык теңсиздик күчөп бараткандай туюлат.

Белгилүү болгондой Борбор Азиялык эмгек мигранттары Орусиянын дээрлик бардык тарабында иштеп, өз үйбүлөсүн гана эмес бүтүндөй бир өлкөнүн арабасын кыймылдатканга жардам беришүүдө:

-Жолдо баратсаң, жаш баласы менен жүргөндөр кудум биз алардын балдарын уруп кое тургандай, же сөгүп кое тургандай, бизден алып качышат. Анан бизди билими жок деп эсептешеби, айтор, «өтө эле караңгы» дегендей түрдө карашат да. Мен өткөндө метродо баратсам, эки кемпир олтурган экен, бирөөсү экинчисине карап: «Элестет, булар 500 рубль үчүн иштейт», - дейт. Келгиндердин арасында ошол 500 рубль акчаны ала албай калгандар да көп.

Бул Кубанычбек аттуу жигит Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдү курган ишканада эмгектенет. Расмий маалыматтарга ылайык Орусиядагы Кубаныч сыяктуу кыргызстандык эмгек мигранттардын саны жарым миллиондон ашат. Булар Орусияга келгенден кийин ишке орношуу менен гана маселе чечилбестен, жергиликтүүлөр менен тил табышып, бөтөн жерде камыр-жумур болуп жашап кетүү сыноосу турат.

Москвадагы Адам укуктары боюнча бюронун эксперти Семен Чарныйдын айтуусунда, Борбор Азиялык мигранттар жергиликтүү калкка окшобогондугу үчүн бир топ эле кемсинтүүгө дуушар болушат:

-Алгач эле алар турак жай издөөдө бир топ эле кыйынчылыктарга туш болушат, алар үчүн батир баасы дароо кымбаттайт. Эмгек базарында дискриминация – бирдей эле жумуш күчү жергиликтүү улуттагылар менен салыштырганда алда канча төмөн акча төлөнөт, ал тургай кээде таптакыр эмгек акысыз калган учурлар да бар. Ошондой эле милиция тарабынан болгон дискриминация бар. Бир катар учурларда эмгек мигранттары милиция кызматкерлери үчүн кошумча кирешенин булагы болуп эсептелет.

Акыркы мезгилде өздөрүн “Орусиянын патриоттору” деп атаган улутчул мүнөздөгү жаштар кыймылдары орус калкына окшобогон башка элдердин өкүлдөрүнө карата жек көрүү, кемсинтүү, зордук-зомбулук көрсөтүүчү күчкө айлангандыгы маалымат каражаттарында байма-бай айтылууда. Расмий маалымат боюнча жыл башынан бери эле кыргызстандык ондон ашуун жаран алардын кандуу колдорунан жапа чегишкени белгилүү болду.

Мындай тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга карабастан Орусияга Борбор Азиядан келген эмгек мигранттары күндөн-күнгө көбөйүүдө. Москвадагы “Левада” борборунун адиси Людмила Хахулина Орусиянын эмгек базарындагы мамилелер бир топ катаал мүнөздө болуп, ал тургай кайсы бир деңгээлде чыр-чатактар да орун алышы мүмкүн экендигин белгиледи. Адистин ишениминде бул мамилелер убактылуу мүнөзгө ээ болуп, ал эми келечекте жергиликтүү калк менен жаңы келгендердин ортосунда өз-ара түшүнүү, бири-биринин укугун бузбоо сыяктуу түшүнүктөр калыптанып, коомдун бардык мүчөлөрү толеранттуулукка умтулушат:

-Эң биринчи иретте бул маалымдуулук жана маданий түшүнүктүн болушу зарыл. Бул Орусияга келгендер үчүн дагы, жергиликтүү калк үчүн дагы өтө маанилүү. Жаңы келгендерге атайын иш-чаралар өткөрүлүп, бул өлкө, анын маданияты, кантип жеңил отурукташуу тууралуу кеңири маалымат берилсе. Ошондой эле биздин өкмөт тарабынан дагы ушул сыяктуу эле иштер орусиялыктар үчүн, келгендерге дагы уюштурулушу керек.

“Дүйнө коомчулугунун пикири” уюму тарабынан өткөрүлгөн сурамжылоонун башкы тыянактарынын бири – расалык, улуттук, этникалык жектөөнү болтурбоо жана анын кесепеттерин жоюуда негизги милдет мамлекетке жүктөлөт деп так көрсөтүлгөн.

Сүрөт www.calend.ru интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG