Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

15:30 Т.Сариев: 24-марттагы талап тоноочулукка жоопкерчиликти бийлик өз мойнуна алышы керек


Мындай пикирин “Азаттыкка” саясатчы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, бийлик өзүнүн убадаларын аткара албагандан кийин, тоноочулукка байланыштуу тергөө иштерин аягына чейин чыгара албагандан кийин, жоопкерчилик түздөн түз бийликте. “24-март түнү болгон бул окуянын артында ким турат деген чоң маселе. Муну бийликке келген адамдар тыкат иликтеп, ачык айкын айтыш керек болчу. Бирөө муну эски бийликтин өкүлдөрү жасады дешсе, калгандары жаңы бийлик өзү жасады, анткени алар чыкырып келген элге төлөп бере турган акчасы жок, биздин төлөгөнүбүз мына ушу – талап-тоноп алгыла деп, айтылып жүрөт. Ушул сөздөрдүн барына чекит коюш үчүн кылмыш ишин аягына чейин чыгарыш керек эле бийлик”, дейт Т.Сериев. Саясатчы тоноочулуктун артында салмактуу адамдар тургандыктан бул кылмыш иштери аягына чыкпай калды деп эсептейт.(MSu)

XS
SM
MD
LG