Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

18:07 Нарында эркин басма сөз каражаттарын коргоо комитети уюшулду


Нарын шаарындагы “Нарын kg” маалымат борборго бир катар саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү чогулушуп, жыйын өткөрүштү. Анда “Мен ишенбейм” акциясына катышкандардын сот жообуна тартылышы, “Де факто”, “Алиби” гезиттеринин үстүнөн сот жараянынын жүрүп жаткандыгы демократиялык нуктарга туура келбейт деп белгиленди. Жыйын соңунда “Мен ишенбейм” акциясынын катышуучуларынын жана эркин басма сөз каражаттарынын кысымга алынышын жана куугунтуктоодон коргоо үчүн Нарын облусу боюнча коргоо комитети кабыл алынсын, деген чечим чыгарылды. Демилгени Нарын шаарынын бир катар жаштары көтөрүп чыгышкан. (KUs)

XS
SM
MD
LG