Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Дагестандык журналисттин өлүмү кесиптик иши менен байланыштуудай


Магомедгаджи Абашилов аттуу журналистти Дагестандын борбору Махачкалада ушул жума күнү кечинде атып кетишкен эле. Ал Орусиянын бул республикасынын мамлекет колундагы аймактык телекомпаниясынын башчысы эле. Тергөө анын өлүмүнүн башкы жүйөөсү - кесиптик иши деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн Орусиянын башкы прокуратурасынын алдындагы тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин билдирди.
Жума күнү дагестандык дагы бир журналист Ильяс Шурпаевдин өлүгү Москвадагы батиринен табылган. Ал орус телесинин кабарчысы эле. Тергөө органдары анын киши колдуу болушунун себеби боюнча бир тыянакка келе элек.

XS
SM
MD
LG