Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:40

Кытай бийликтери Тибеттеги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/66956EAE-0B0E-4E8A-8E89-1FBA88BF11DF.asp өткөн аптадагы толкундоого тиешеси бар деп эсептелген адамдардын тизмесин жарыялады. Ошондой эле андагы нааразылык акцияларын коштогон тополоңдо мерт болгон адамдарын расмий санын он үчтөн он тогузга көтөрдү. Ал эми сүргүндөгү тибеттиктердин ырастоосунда өлгөндөрдүн саны жүзгө жакын. Тибеттеги кан төгүү Бээжинде быйыл августта өтүүчү Олимпиаданын алдында орун алып олтурат. Буга байланыштуу эл аралык коомчулуктан тынчыздануу айтылууда.

Кытай бийликтери шектүү деп эсептелген 21 адамдын сүрөтүн интернетте жарыялашты жана аларды табууга жардам бергендерге сыйлык ыйгарылары убада кылынды. Расмий басма сөздүн жазганына караганда, шектүү адамдардын экөөсү буга чейин эле камалган.

Кытай Компартиясынын органы катары эсептелген "People's Daily" гезити жекшембидеги редакциялык макаласында "Тибеттин көз карандысыздыкты көздөгөн күчтөрүн кудуретсиз кылуу" керектигин белгиледи. Ошондой эле партиялык басылма АКШ, Европа жана Азия лидерлеринин сүйлөшүү жөнүндөгү чакырыктарын четке какты.

Ал эми өлкөнүн түндүк-батышында, уйгурлар жашаган жана Кыргызстан менен чектеш Синьцзян–уйгур автоном районунун расмий басма сөзү болсо Тибеттеги окуялардан шыктанып, бул чөлкөмдө тополоң чыгып кетүүсүнө каршы эскертүү жасады. Кытай телесинен болсо Тибетте жабыр тарткандардын көрсөтмөлөрү берилүүдө. Кытай улутундагы тибеттик Ма Шуша ысымдуу төмөнкү тургун теледен буларды билдирди:

-Азыр коом абдан жакшы. Мен ушул сыяктуу нерселер болушу керек деп ойлобойм. Бейкүнөө адамдар жабыр тартты. Мен автоунаалар өрттөлгөнүн көрдүм. Бул туура эмес. Биз өкмөт тополоңчуларды катуу жазалайт деп үмүттөнөбүз.

Тибеттеги тополоң анын башкалаасы Лхасада 10-мартта башталган эле. Кийинчирек коңшу Гансу, Сычуан провинцияларынын тибеттер жашаган аймактарына да жайылган.

Кытай бийликтеринин соңку маалыматына караганда, андан 18 жөн-жай тургун жана бир полициячы каза тапты. Ал эми сүргүндөгү тибеттиктердин эсебинде, толкундоонун аскер күчү менен басылуусунан 100дөй адам мерт болду. Кабарларга караганда, Бээжин тополоңдон соң Тибеттеги аскерлеринин саны көбөйттү жана ага, ошондой эле коңшу провинциялардын тибеттер жашаган аймактарына чет элдиктердин баруусуна жол бербей жатат.

Расмий Бээжин тополоңдун артында турганы үчүн тибеттикттердин сүргүндөгү рухий лидери Далай Ламаны айыптаган эле. Кытай бийликтеринин пикиринде, муну менен Далай Лама Пекинде өтүүчү быйылкы Олимпиаданы үзүлтүккө учуратууга жана Тибеттин көз карандысыздыгы үчүн аракеттенген.

Ал эми түпкү мекени үчүн кеңири автономияны гана кааларын белгилеген Далай Лама кыйтай бийликтеринин ырастоосун четке кагып, алар менен сүйлөшүү үчүн Бээжинге келүүгө даяр экенин билдирди.

Тибеттеги кан төгүү Бээжинде быйыл августта өтүүчү Олимпиаданын алдында орун алып жаткандыктан, буга байланыштуу эл аралык коомчулуктан тынчыздануу айтылууда.

Маселен Европарламенттин төрагасы Ханс-Герт Поттеринг эгер Кытай Тибеттеги толкундоо боюнча тибеттиктердин сүргүндөгү рухий лидери Далай Лама менен сүйлөшүүдөн баш тартса, Бээжинде быйыл өтүүчү Олимпиаданы бойкоттоо "туура кадам" болмок деп эсептейт. Ал бул тууралуу Германиянын "Bild am Sonntag" гезитинде эртең жарыялануучу интервьюсунда билдирген. Европарламент төрагасынын пикиринде, Еврошаркет Кытай маанилүү өнөктөш экенине карабай, Тибетте адам укуктарын сактоо маселесинде бир добуш менен чыгышы керек.

АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пэлоси ушул жума күнү Далай Лама менен Индияда жолуккан соң эл аралык коомчулукту Кытайдын Тибеттеги саясатын кескин айыптоого чакырды.

Тарыхка кайрылсак, Тибет 1950-жылы коммунисттик Кытайдын аскерлери аймакка киргенге чейин көз карандысыз эле. Мындан кийинки жылы болсо Бээжин аны аннекциялап алган.

Сүрөт epochtimes.ru интернет баракчасынан алынды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG