Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

“ТАЛАНТ ТАГДЫРЫ”: ЖАШ ШАЙЫР АБДЫКАЙЫМ


“Азаттык” үналгысынын “Талант тагдыры” түрмөгүнүн бүгүнкү мейманы жаш төкмө акын, ырчы, дастанчы, “Айтыш” телесынактардын жеңүүчүсү Абдыкайым Ашимбаев. Жаш шайырдын ар тараптуу чыгармачылык тагдыры менен кабарчыбыз Балбай Алагушов тааныштырат.

Боз улан курагынан тартып түпсүз, чексиз чалкыган байыркы өнөрдүн көлү аталган айтыштын бир тамчысын тилине басып, көкүрөгүнө катып, айтылуу ак таңдай төкмө акындардын “өзгөчө Барпы атамдын жолун жолдосом, ошондой залкар акын болсом” деген жакшы тилек, жарым ырыс менен жашап, республикалык, облустук төкмө акындардын сынактарында ат салышып жүргөн жаш шайырдын бири – Абдыкайым Ашимбаев. Ал Жалалабаттын Сузагынын Ачы айылында жарык дүйнөгө келген.

“Болор бала жашынан” дегендей Абдыкайым боорун жерден көтөргөндөн ырга ынак өсөт. Келечектеги бактысын, болочоктогу тагдырын ыр дүйнөсүнөн издейт. Элдик ырларды ак таңдай төкмө акындардын, обончулардын ар кандай маңыздагы, түрдүү маанайдагы ырларын комуздун коштоосунда жана коштоосуз ырдайт. Жердештеринин алкоолоруна арзыйт.

“Көч жүрө-жүрө оңолот” дегендей, жаш шайыр күн айга, айлар жылга айланган сайын чыгармачылык, аткаруучулук жактан жетилгенден жетиле берет. Айрыкча, Абдыкайымдын төкмөлүк шыгы улуу ак таңдай акын Барпы Алыкуловдун шакирти, төкмө акын, республиканын эмгек сиңирген артисти Тайырбек Сатыбалдиевге жолуккан күндөн өөрчүп өнүгө баштайт. Төкмөлүк өнөрдүн түркүн сырлары, татаал кереметтери менен таанышат. Абдыкайымга эң алгачкы чыгармачылыгыңдын баш атын элдик ырларды аткарууданбы, же төкмөлүктөн баштадың беле деген собол узатканымда, ал:

- Чыгармачылыгымдын баш атын ыр жазуу менен баштадым. Кийин болсо жумурай журтка белгилүү төкмө акын Тайырбек атабыздан, агабыз төкмө Рахматула Козукеевдерден сабак алдым. Алардын айтыштарын угуп, көрүп жүрүп айтыш өнөрүнө кызыгып кеттим. Айтыш өтө татаал өнөр экен. Ошентсе да өзүмдүн чыгармачылык дареметиме жараша аркалап жүрөм, - деди да Абдыкайым Барпынын обону менен өзүнүн саламдашуусун мындайча сабалатты:

Ээ, саламдашуу калкына
Акындардын салты да,
Учурашып алайын,
Улуу-кичүү жалпыңа.
Айылдаш атам бар
Ак таңдай акын Барпыга
Илгертеден билем деп
Акын болчу тилегим
Катарлаш өскөн Караңар,
Осмонкул, Калык бир кезде,
Тоо булбулу Токтогул
Бал тилин сайраткан
Барпыдай акын кыргызга
Келген экен туугандар,
Кыргыз тилин сабатып,
Алтын сөзү аралаш
Берген экен Караңар,
Алатоо кыргыз элине
Бакыт эмей эмине
Жаркылдап жайнап ырдаган
Жалпы элдин алдында,
Жакып эмей эмине,
Кең баш Бишкек калаада
Ырдап бүгүн турганым
Канчалык экен таланты
Сындап бүгүн турганым
Бир кезде Тайыр атабыз
Тактап ырда деп айткан
Калың элдин айтканын
Актап ырда деп айткан
Сахнага чыкканда
Сайрап ырда деп айткан
Кыргыз тилиң ар качан
Кайрап ырда деп айткан
Бактым бар экен туугандар
Барпынын кулуну
Барпынын болом уругу
Агын сайра дарыя
Агып келген окшойт го,
Калың журттун алдында
Жагып келген окшойт го,
Өнөрдүн бүгүн жолунда
Өзгөчө ырдап ушитип,
Сайрап жүрөм туугандар
Калың элдин тообунда.


-Ырахмат, Абдыкайым мырза. Мына азыр эле өзүңдүн саламдашууңда залкар акын Барпынын уругунанмын, кулуну болом деп айтып өттүң. Барпы акенин айтыштарынан, санат, терме, махабат ырларынан билесиңби? Билсең “Азаттыктын” угармармандарына гүл десте катары сунуп койсоң?

-Мен Барпы атабыз менен айылдаш болгонума өтө сыймыктанам жана кубанам. Атабыз колуна комуз албай ырдоочу экен. Эми мен аксакалдардан үйрөнгөн Барпы атабыздын өз обону менен ашыктык ырынын бирин аткарып берейин.

Аа, жанаша өскөн кош алма,
Жакшылап ырчы айтылса,
Узун сабак ыр болот.
Кышында ызгаар жетпеген
Кырмызы жүзү кетпеген
Жайында ысык өтпөгөн,
Жайың, кышың көктөгөн,
Жай алган жерден көчпөгөн
Кыргыздын кызыл алмасын
Кызыгып жүргөн Барпы акын,
Кантип ырга салбасын
Бактысы өсүп жетилген
Пиясы гүлгө бекинген
Дараксыз өсүп жетилген
Дали көздөр бекинген
Сулуулардын алмасын
Суктанып жүргөн Барпы акын
Кантип ырга салбасын
Кош алма гүл болсун
Көйнөгүнө түр болсом
Түндүгүнөн боз үйдүн а
Тийип турган күн болсом
Кош алмага кал болсом,
Караңгыда шам болсом,
Жүрөгүндө тызылдап
Жүрүп турган кан болсом
Чаңкоосу канган жанга окшоп а,
Чолпону жанган таңга окшоп
Чыгаар элем кумардан
Кантейин кош алмага,
Жете албастан мустар бар,
Кудай акы куштар бар
Көрбөгөндү караткан
Көп жылдызын санаткан
Энеси билди самап кал
Эстей, эстей таң аткан.


- Абдыкайым, төкмө акындык өнөрдү аркалоо азыркыдай залкардын ашыктык ырларын ырдоо менен бирге айтылуу обончулардын да махабат ырларын аткарат экенсиң. Ошолордун биринен угармандарга аткарып берсең?

-Эми тоо булбулу аталган Токтогул атабыздын “Алымканын” аткарып берейин.

Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Бир күн оору, бир күн соо,
Алымкан,
Азабың тартса билбейсиң.

Бетегелүү майданым,
Пейлди жакшы жайдарым!
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым.

Букардын тоосу Бурулуш
Бурулуп учат улуу куш,
Бурулуп мага келе кет
Алымкан,
Муңдууга салбай кыйын иш.


- “Алымканды” калкында ырдап жатканда өзүңдү кандай сезесиң?

-Мен “Алымканды” ырдап жатканда көз алдыма өлбөгөн, өчпөгөн тунук махабаттын элеси тартылат.

- “Алымкандан” башка да ырлардан билесиңби?

-Эми мен Мидин атабыздын “Ойлончу” деген ырды аткарып берейин.

Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай,
Жүрө албаймын күндө сени сагынбай,
Мээ сергитет менде жүргөн элесиң
Мемиреген Ысыккөлдүн таңындай.

Көзүң укмуш – ак чыныда карагат,
Көп карайсың жүрөгүмдү жаралап,
Көөнүң болсо, бил белгиңди түшүндүр
Киши жалдап сүйө албаймын паралап.

Сүрдөп кетем капыс жерден кабылсам,
Кечирип кой мен сүйүүдөн жаңылсам
Качан болсо жарашкансып көрүнөт
Кайсы күнү кандай жоолук салынсаң.

Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай
Кылгырбачы, койчу, мени карабай
Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи
Куса болдум сагынганым тарабай.
Үн жок, сөз жок томсоросуң турасың
Ыйлап-ыйлап улутунган баладай.


- Абдыкайым мырза, бүгүнкү күндөгү көгүлтүр экрандардын беттерин, концерттик залдардын сахналарын бербеген өздөрү ырчы, өздөрү обончу, өздөрү акын болушуп, өтүктөрүн төргө илип жүрүшкөн жаш шайырлар жөнүндө жеке оюң?

-Бүгүнкү күндө тилекке каршы жаштарыбыз улуу шайырлардын көөнөрбөс мурастарын тебелеп тепсеп келүүдө. Ушунчалык зээнибиз кейип, жүрөгүбүз ооруйт. Акын Шайлообек Дүйшеев “Атай менен Мусалар калып кетти арам сийдик ырлардын туманында” деп таамай жазгандай, бүгүн эки ооз сөз жазып алып музыкалык билими жок, эптеп сахнага чыгып эле көрүнүш үчүн жаштарыбыз адатка айландырып алышты. Биз муну менен кыргыздын улуттук музыкасын, каада-салтын гана артка тартабыз. Буларды жоюш үчүн союздагыдай көркөм кеңеш түзүп, талдап, тандап чакыруубуз керек. Ошону менен бирге жаштарыбыз залкар шайырлардын чыгармаларын аткаруулары зарыл.

- Ырахмат Абдыкайым, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Бар бол.
XS
SM
MD
LG