Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Өкмөт 1-майдан тартып электр энергиясынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/0809A6D2-86B4-4AEE-A48F-19EDB9261117.asp баасын көтөрүүнү көздөөдө. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков баа 13% жогорулай турганын билдирди. Айрым адистер баалар өсүп жаткан азыркы учурда электр энергиясын да кымбаттатуу карапайым элге оорчулук апкелет, деп айтышууда. “Азаттык” үналгысынын “Адам жана базар” аттуу экономикалык түрмөгүнүн бүгүнкү чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.

Кыргыз өкмөтү 1-майдан тарта электр энергиясынын баасын 13% кымбаттатууну көздөөдө. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун өкмөттүк жыйында маалымдаганы боюнча ушул тапта бааларды калктын жакыр жашаган катмарына оорчулук келтирбегендей кылып көтөрүүнүн жоболору иштелип жатат. Ал ошондой эле электр энергиясын сарптоого чектөө киргизилгендигин да маалымдады.

Сапарбек Балкыбековдун журналисттерге билдиргени боюнча быйылкы жылы өлкө электр кубатын 1,5 млрд кВт саатка аз колдонсо келерки кышта жарык өчпөйт жана жылуулук толугу менен камсыздалат. Келерки кышта жарыгы жок отуруп калбоо үчүн электр энергиясын колдонууга чек киргизүү зарылчылыгын айрым адистер да колдоого алышууда. Энергетика адиси Райымбек Мамыров бул үчүн өкмөт электр кубаттуулугун чектөө тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзүүгө тийиш, деп эсептейт:

-Элдин алдында электр энергиясын азайтуу боюнча элге кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн көбөйтүү үчүн электр кубаттуулугун чектөөнү 1-октябрга чейин жүргүзгөн жөндүү. Мындан тышкары бюджеттен каржыланган электр кубаттуулугу менен иштеген жылуулук берүүчү түйүндөрүн көмүр менен иштетүүгө өткөрүү, үчүнчүдөн коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү жолу менен газдан, көмүрдөн жардам бере турган көп жылга эсептелген келишимдерди түзүш керек.



“Буга чейин деле жыргаган эмеспиз”

Былтыркы кышта деле электр жарыгы тынымсыз берилбегендигине нааразылыктар көп. Биздин аймактардагы кабарчыларыбыздын билдиргени боюнча электр кубатын сарптоону чектөө жер-жерлерде мурдатан эле болуп келет. Ошондой эле электр баасынын кымбаттай турганы тууралуу маалымат карапайым элдин нааразылыгын туудурууда.

Араван районунун тургуну Маматкадыр Кожошев быйылкы кышта жердештери энергоблокадага кабылып, катуу кыйналгандыгын, а түгүл айрымдары суукта тоңуп, массалык түрдө ооруга чалдыккандыгын кыйытып, келеркинин камын эмитен көрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ош шаарында жашаган пенсионер Жусуп Мамытов бир аптадан бери жарыгы жок олтурушкандыгын, энергетиктер акча чогултуп чөнтөгүнө салмайынча иш кылышпай калышкандыгын, эгерде быйыл нарк дагы жогоруласа, өкмөт элдин убалына калаарын эскертти:

-Түндө да өчкөн, азыр жарыгы жок отурабыз. Бир жума мурун трансформатор күйүп кетип, өчүп калды эле, ачка чогултуп электрикке берип атып, оңдотконбуз. Эгер кымбаттаса, анда элге эле убал болот.

Алайлык ардагер Токтогул Танабаев электр энергиясы гана кыргыздарды кыштан аман алып чыккандыгын каңкуулап, аймакта отун, көмүр тартыштыгын, ошондуктан, энергия булактарын коңшу мамлекеттерге, мисалы, Өзбекстанга кымбат бааада сатып, ал эми мекендештерине арзандатуу керектигин сунуш этти.

Өзгөңдүк мугалим, алты баланын апасы Алима Аматова майыптарга, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине, турмушу начар үйбүлөлөргө, ошондой эле көп балалуу энелерге энергия төлөмдөрү үчүн жеңилдик каралбаса, чөлкөм нааразычылык уюгуна айланаарын кулак кагыш кылды.



«Ош-Электро» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынын жетекчиси Маматемин Ырыскулов ишкана Ош, Баткен аймактарын үзгүлтүксүз тейлеп жаткандыгын айтат:

-Бирок тилекке каршы, калктын карызы 1 миллиард 130 миллион сомдон ашты. Ошол эле учурда ууруларга аеочулук менен мамиле жасалгандыктан, аягы тыйылбай, тескерисинче, коммерциялык жоготуу 35-38 пайызды чапчыды. Ал эми энергия баасын дагы жогорулатуу аракетин аргасыздан болгон кадам да.

Ысыккөл аймагында электр энергиясынын акысын төлөбөгөн карыздар абоненттердин башында көл жээгиндеги ири пансионаттар турганына карапайым эл нааразы болууда. Өткөн жылы жалаң хансарайларда жашаган бардар үй-бүлөлөрдөн 250 миң сомдук электр энергия акысы сот аркылуу төлөтүлүп алынган. Көл өрөөнү боюнча элдин электр энергиясына болгон карызы 515 млн сомду түзөт. Быйылкы кыштын ызгаарынан улам электр энергиясын өткөн жылдан дээрлик эки эсе көп колдонгон калк эми электр төлөмдөрүнүн кымбаттай тургандыгын уккандан бери үрөйү учуп турат.

Ысыккөл өрөөнүндө жаратылыш газы жок, баллондоп сатып алып, жылуулукка колдонууга элдин чамасы чарк келбейт. Көмүрдүн тоннасы 5000 сомдон ашып түшкөндүктөн, элдин караганы электр энергиясы. Каракол шаарындагы Лидия Фомова атындагы коомдук социалдык коомдун жетекчиси Диляра Нарованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча электр энергиясын төлөбөгөндөрдүн көпчүлүк бөлүгүн бардар үйбүлөлөр түзөт:

-Чолпоната шаары боюнча атайын адистер менен кыдырганыбызда хансарайлардын ээлери эшигин дегеле ачышпайт экен. Өтө орой мамиле жасаган жана электр эсептегичи эзели текшерилбеген ички иштер министрлигинин дачасы боюнча акт түзүп, губернаторго маалымдама бергенбиз.



Жалаң хансарайлар салынган Амандык көчөсүндө үйлөргө кирип, электр эсептегичтерин текшерүү оңой эмес. Аты-жөнүн айткысы келбеген электр текшерүүчүнүн “Азаттыкка” айтканы боюнча бул көчөдө өңчөй аткаминерлер жашайт:

-Мына ушинтип эле киргизишпейт. Бул үй Ысыккөл райондук сотунун төрагасынын орун басары Токтомамбетов Сарыгул деген кишиники. Киргизбейт, былтыр да ушул себептен рапорт жазып бергем, бирок ал өзүнүн кызматына чиренет экен да. Беш жылдан берки карызы – 27 миң сом.

Булар сыяктуу эле электр энергиясынын акысын төлөбөгөндөрдүн катарында “Голубая бухта”, “Академия наук” жана башка алты эс алуучу пансионат бар.
“Чыгыш электро” ишканасынын жетекчиси Рыскул Мухамеджановдун айтуусунда көл өрөөнү боюнча 515 млн сом карыз бар:

-Мунун ичинен 124 млн сом мекемелердин карызы, калганы элдики. Керектөө өсүп кетти. Өткөн жылкыдан 48 млн кВт саат көп коротулду бул кышта.

“Бааны көтөрүү – энергетика тармагын оңой менчиктештирүүнүн айласы...”

Электр энергиясынын баасын көтөрүү – энергетика тармагын менчиктештирүүгө жасалган аракет деген пикирлер да бар. Биздин бүгүнкү маектешибиз, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев бааны көтөрүп, калктын жонунан кайыш тилгенден көрө, энергетика тармагынын аткаминерлери алгач бул тармактагы чыгымды азайтуунун камын көрүшсө жакшы болмок деп эсептейт:

-Биздин мамлекеттин башкаруу системасы коррупциялашып кеткенден кийин, кызматка келген баары эптеп байуунун амалын издеп калат. Электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү – ошол электр энергиясына кеткен чыгымдарды азайтуунун ордуна аны көбөйтүп, анан тарифти көтөрүп, кайра банкрот деп жарыялап, эптеп оңой
жол менен менчиктештирип алуунун айласы. 13% кымбаттатуу – жөн гана шылтоо, элге каршы мамлекеттик системанын ойлоп тапканы. Элден мурун чыгымды азайтып, өндүрүштү көбөйтүү керек, эң биринчи. Эң негизгиси бааны көтөрүү эмес. Бааны көтөрүү экономикабызды бүтөп бербейт.


Замира Кожобаева, Бишкек
Алишер Токсонбаев, Ош
Рита Борбукеева, Ысыккөл
XS
SM
MD
LG