Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

17:31 М.Садыркулов: Президент 28-мартта Бишкекке келет


Бул тууралуу президент администрациясынын башчысы Медет Садыркулов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Медет Садыркуловдун айтымында, 3-марттан бери эмгек эс алуусун Германияда өткөрүп жаткан мамлекет башчынын саламаттыгы жакшы жана ал 28-мартта Бишкекке кайтып келет. Ошондой эле М.Садыркулов президент бөйрөгүнөн операция болду деген имиштерди төгүндөдү. Бүгүн түштөн кийин угармандар “Азаттык” радиосунун редакциясына телефон чалышып, коомчулукта президенттин саламаттыгы начарлап, оорудан көз жумагандыгы тууралуу ушак кептер тараганын билдиришкен.(MSu)

XS
SM
MD
LG