Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Кытай Тибеттин сүргүндөгү диний лидери Далай Ламаны кайрадан айыптады


Бул ирээт Кытай Далай Ламаны быйылкы Пекин олимпиадасын "барымтага алуу" жана аймактын коммунисттик бийлигин кулатуу үчүн Тибетте "террор" жүргүзүп жатканы үчүн айыптады. Кытай Компартиясынын расмий органы катары саналган "People's Daily" гезитинин бүгүн жазганына караганда, Далай Лама 1959-жылы Кытайдан кеткен бери эч убакта кыянатчыл аракеттерин токтоткон эмес. Мындай айыптоо Тибет башкааласы Лхасада Кытайга каршы өткөн нааразылык акциясы жана аны коштогон тополоңдон дээрлик эки аптадан соң айтылып олтурат. 1989-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгына арзыган Далай Лама расмий Пекиндин Тибеттеги тополоңдун артында турат деген айыптоосун четке каккан.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG