Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Ооганстандагы соңку уруштарда Талибандын ондогон согушкерлери жок кылынды


Ооган Коргоо министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар өлкөнүн түштүгүндө НАТО жана ооган күчтөрү биргелешип абадан жана жерден өткөргөн операция учурунда жок кылынган, бирок алардын так саны айтылган жок. Уруш кечээ Урузган провинциясында болгон. Кечээ ошондой эле түштүктөгү Кандагар провинциясында АКШ баштаган коалициянын эки аскери автоунаасы жол боюна көмүлгөн бомбага кабылгандагы жарылуудан каза тапкан. Алар кайсы өлкөнүн жоокерлери экени айтылган жок.

XS
SM
MD
LG