Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Иракта бүгүнкү жаңы кыянатчылыктардан ондогон адамдар мерт болду


Бүгүн башкаала Багдаддын катуу кайтарылган, АКШ, Британия элчиликтери менен өкмөттүк имараттар жайгашкан Жашыл аймагы ракета жана минёмет менен аткыланды. Бул жерде жабыр тарткандар тууралуу маалымат түшкөн жок. Бирок полиция Жашыл аймактын сыртынан кеминде эки адам каза тапканын маалымады. Бүгүн ошондой эле Багдаддын түрдүү диний тайпалар жашаган түштүк районунда үч автоунаага түшкөн куралчандар ок чыгарганда, жети адам мерт болуп, он алтысы жаракат алган.

Ал эми түндүктөгү Мосул шарында болсо бүгүн жанкечти өзү айдаган автоунаа менен аскерий бекеттин сыртында турган чоот техникаларды сүзгөндөгү жарылуудан он ирактык жоокер мерт болуп, элүүдөй киши анын ичинде, жөй–жай адамдар да жаракат алган.

АКШнын аскерий өкүлдөрү Бакуба деген шаардын жанындагы рейд учурунда 12 козголоңчу жок кылынганын маалымдашты. Ирактагы америкалык аскер башчылардын айтымында, былтыр июндан бери өлкөдө кол салуулардын саны 60%га азайган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG