Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:20

24-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Пишпек шаарында камалган 1916-жылкы көтөрүлүштүн катышуучулары 1917-жылдын 24-март күнү калк тарабынан бошотулган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки өкмөттүн кол жоолуктай алмашышына жол ачкан жоосун 1998-жылдын 24-март күнү башталды.

Пишпек шаарынын мурдагы Грязновской менен Садовой, азыркы Токтогул менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган түрмөдөгү абактагылар 1917-жылдын 24-март күнү бошотулган. Пишпек шаары менен Пишпек уездинен чогулган калк бул күнү борбордук түрмөгө агылып, абактагыларды эркиндикке чыгарган. Абактагылардын басымдуу көпчүлүгү 1916-жылкы көтөрүлүштүн катышуучулары болгон.

Түрмөнүн бет маңдайында абактан чыгарылгандар менен аларды эркиндикке чыгаргандардын стихиялуу митинги өткөрүлүп, алар мурдагы кегин унутуп, ынтымак-ырашкерчиликте жашоого убадаларын беришти.

Түркстан республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин Известиясы 1920-жылдын 24-март күнү РСФСР курамындагы Түркстан автономиялык республикасынын уюшулгандыгын жарыялады. Түркстан автономиялык республикасынын негизги жоболору Бүткүл союздук аткаруу комитети тарабынан 1920-жылдын март айында бекитилген. Бүткүл союздук аткаруу комитетинин жобосунда Түркстан «түрк улутунун эмес», мында жашаган-түркмөн, өзбек, кыргыздардын улуттук топторунун областтык бөлүнүшүнө, экономикалык жана жашоо шарттарына ылайык «РСФСР Түркстан автономиялык республикасы» аталаары белгиленген.

Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик уюшулушу 1927-жылдын 24-март күнү аныкталган. Кыргыз АССРдеги областтык органдар, райондук уюшулуш менен жергиликтүү аткаруу комитеттердин ыйгарым укуктары аныкталган. Анын натыйжасында өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшү ыраатка салынып, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук жана алардын иштөө тартиби жөнгө салынган.

Кыргыз областтык Аткаруу комитетинин «Көчөдөгү хулигандыкка каршы күрөшүү чаралары» аттуу токтомунун 1927-жылдын 24-март күнү жарыкка чыгышы, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан чуу чыгарды. Токтомдо борбор шаарда «максатсыз ок атууга, кыйкырууга, түн ичинде ырдоого, айнек сындырууга, адамдарга тийишип, коркутууга, уят сөздөр менен сөгүнүүгө» тыюу салган. Бирок коомчулукту токтомдун мазмуну эмес, «Советская Киргизия» гезитинде жарыяланган тексттин автору кыжаалат кылган. Токтомдун соңуна кол койгон адамдын кызмат абалы «Предатель облисполкома Уразбеков» деп жаңылыш жазылып, ката кетирген корректор жеңил жаза менен кутулган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки өкмөттүн кол жоолуктай алмашышына жол ачкан жоосун 1998-жылдын 24-март күнү башталды. Буга чейин узак убакыт бою кыргыз өкмөтүн башкарып келген премьер-министр Апас Жумагулов бул күнү кызматынан алынды. А. Жумагулов башкарган өкмөттүн кызматтан кетирилишинен аналитиктер ар кандай жоорум жасашты. Алардын бири-А. Жумагулов Кыргызстандагы эң таасирдүү жана акчалуу саясатчы экендигинен,
А. Акаев негизги атаандашын жарыштан чыгарды дешти. Экинчи топтогу серепчилер болсо, А. Акаев жеке башкаруу жолуна түштү деген бүтүм чыгарышты. Айткандай эле, тажрыйбалуу жетекчини, мамлекет башчынын мурдагы аспиранты жумшак мүнөз К. Жумалиев алмаштырды.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки биринчи калк каттоо 1999-жылдын 24-март күнү жүргүзүлдү. Калк каттоо жыйынтыгы көрсөткөндөй Кыргыз Республикасында 4 млн. 852 миң 400 адам жашагандыгы белгилүү болду. Кыргызстан калкынын басымдуу көпчүлүгүн кыргыздар түзүп, экинчи орунга өзбектер келип, ал эми совет мезгилинде экинчи орунда турган орустар үчүнчү орунга түшкөн.
XS
SM
MD
LG