Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:18

Коомдук жана саясий ишмер Дастан Сарыгулов 24-март --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/2856B8E2-B3D8-4430-8573-21DAFAC3E6D8.asp ыңкылабына сереп салып, бул күндү төңкөрүш дегендерди калың элди кыдырбаган, калк турмушунан кабары жок адамдардын пикири катары кабылдарын билдирди. Анын айтымында, чынында эле элдик ыңкылап болду, бирок ал өз мүдөөсүнө жетпей калды.



-Дастан мырза расмий бийлик 24-мартты Элдик ыңкылап күнү катары майрам күнү кабыл алса, коомчулукта айрым атуулдар бул күндү мамлекеттик төңкөрүш катары кабылдашарын айтышууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Төңкөрүш болду, революция болгон жок деген адамдар, алар калың элди кыдырбаган, эл арасында болбогондор гана айтып атышат. Себеби кыргыз элинин басымдуу көпчүлүгү ошол доорду эңсеп самап калган. Экинчиден, 10-марттан 24-мартка чейин ошол облустарда, аймактарда, райондордо көчөгө чыгып көтөрүлгөн нечен жүз миң адамды көрбөгөн адамдар гана көңтөрүлүш болду дешүүдө.

Көңтөрүш деп эмнени айтабыз. Калың эл өзгөрүүнү каалабаса деле бийлик талашуу, мансап талашуунун айынан чакан бир топ отуз, элүү, жүз адам бийликтеги адамдарды кулатып, ордуна өздөрү келгендерди көңтөрүш дейбиз. Март окуясында Ош болобу, Жалалабат, Талас, Чүй, Көл, Нарын болобу жер-жерлерде эл калыстыкты талап кылып, жаңы турмушту эңсеп көтөрүлгөнүн кантип жокко чыгарат, ошол адамдар! Демек, бул албетте революция болгон, элдик ыңкылап болгон деп айтыш керек.



-Ал эми ошол ыңкылаптын ана башчылары революция өз максатына жетпей калды, уурдатып жибердик деп атышпайбы?

-Революция өз максатына жетпей калса эле ал революция болбой калды деген пикир туура эмес. Бала төрөлдү. Эгерде бала итий болсо, оорукчан болсо ал төрөлгөн жок деп кантип айтабыз. Баланы бага албаса, бутуна тургуза албаса анда ал башка маселе. Бирок бала төрөлгөн жок деп айта албайбыз да. Албетте революция элдин күткөн мүдөө талабына жеткизген жок. Муну моюнубузга алышыбыз керек. Бирок мындан революция болгон жок деген жыйынтык чыгаруу абдан калпыстык болуп калат.

Эми бул революциянын негизги түркүгү ким болгон? Албетте, ошол убактагы ирип-чириген бийлик өзү болгон. Ачык эле ошол оор сыноолорду көтөргөн биз даана көрүп турдук да. Экинчиден, ошол революцияны тездеткен күчтөр кимдер? Ошол эле бийликтин ичинде жүргөн ошол эле Осмонакун Ибрагимов, ошол эле Болот Жанузаков күндө кыргыз элине карандай калпты айтып отурган адамдар элди иренжиткен да. Муну да биз акыйкаттык үчүн айтышыбыз керек. Үчүнчү маселе бийлик он беш жыл бою эгерим эч кимдин алдында жооп бербегенден улам ирип-чириген да. Бийликтин жоопкерчилиги болбогон соң бийлик каалаган ишин жасай баштаган.

-Ошол күнү Акүйдү алуу планы бар беле? Анан Курманбек Бакиев митинг болуп атса үйүнө барып түшкү тамакка мантуу жеп атканда, аны келип алып келгенбиз деген сөздүн канчалык чындыгы бар?



-24-март күнү эртең менен биздин бирибиздин да оюбузда жок болуучу, ушундай окуя болуп кетет деген. Биздин негизги максат борбордук аянтка барып боз үй тигип, чатыр тигип бийлик башындагы адамды сүйлөшүүгө, мунасага келүүсүн талап кылууну эле көздөгөнбүз. Бул окуя эмнеге андай болуп кетти? Жанагы “ак шапкечендер” таш менен, таяк менен келген элди уруп кол көтөргөнүнөн улам эл чыдабай кетти.

Эми президент тууралуу айтсам, ал ошол убакта кайда жүргөнүн мен өзүм көрбөгөндөн кийин так айта албайм. Негизи бул окуя баарыбыз үчүн күтүүсүз болду. Эми ошол революция болгон күнү бийликке келгендерди күнөөлөп атышат, жанагы талоончулук болуп кетти, бир топ дүкөндөргө зыян келтирилди деген пикирлер айтылып атат. Эгерде мурдагы президент Аскар Акаев качып кетпесе мындай окуя болбойт эле. Өкмөт башчы Танав дагы бийликти таштап салып, мамлекет башчылары жок калбады беле. Талоончулук ошол баш көз жоктуктан келип чыккан деп айтар элем.

-Азыркы бийликтегилердин арасында ыңкылап күнү катышпагандары да болдубу? 24-Март Элдик ыңкылап күнү деп парламентте мыйзамды кабыл алууда Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров жакшы эле аракеттерди жасады. Ошол күнү азыркы спикер сиздер менен чогуу болду беле?

-Биринчиден, бул ыңкылапты эл жасады. Ошол жанагы зомбулукка биз чыдабайбыз. Акыйкатсыз, адилетсиз, калыстыгы жок башкарууга биз мындан ары көнбөйбүз деген миңдеген адамдар жасады. Өзүңүз жакшы билесиз ал убакытта Жогорку Кеңешке шайлоо жүрүп жаткан. Ошол шайлоого катышып депутаттык мандатты алам деп, аны биринчи орунга койгон Мадумаров, Шерниязов, Текебаев, Садырбаев аксакалдар булар революцияны уюшурууга катышкан эмес. Булар ачык эле айтышкан.

Мисалы, “ Касиев мырза, Кадырбеков мырза булар айткан бизге азыр депутаттык мандатты алып калуу максат. Биз бийликке каршы чыкпайбыз”, - деген мааниде жооп кайтарышкан. Ошон үчүн булар элдин арасында болгон эмес, уюштуруучулардын арасынан мен буларды байкаган эмесмин. Атүгүл Үсөн Сыдыков деле баласын депутаттыка өткөрөм деп, 15-мартка чейин экинчи айлампага баласы катышып калды, ошол баласынын мандаты менен эле чуркап жүргөн. Муну да ачык айтышыбыз керек.

-Коомчулукта ыңкылап өз максатына жетпей калды деген пикирлер айтылып атпайбы. Ошол 24-марттагыдай окуя кайрадан кайталанышы мүмкүнбү?

-Мүмкүн, эгерде бийлик мындан ары ушул жолдон тайбай, адилетсиз, акыйкатсыз саясатын жүргүзө берсе кайталанышы толук ыктымал. Бирок ага жеткирбеш керек. Себеби баш бийлик дайыма качып кетүү, же качырып кетүү, же кууп жиберүү жолу менен бийлик алмашып отурса, бул жаман өнөктөкө айланса, анда эч ким биздин мамлекетке ишенбей калат. Мындай саясаттан биздин урпактар жакшылыкты таба албайт. Эң алды бийлик ушуну түшүнүшү керек эле да.

“Үч жыл өтүп калды эмне үчүн эл күткөн, элдин мүдөөсүн, элдин тилегин турмушка биз аткара албай калдык?”, - деген суроону өзүнө бериши керек эле. Биринчиден, мындан ары эл ишеничине жетип, эл күткөн, эл самаган өзгөрүүлөрдү турмушка кандай жол менен ашырабыз деген тыянкка келсе али кеч эмес. Эгерде бийлик андай жыйынтыкка келбей эле азыркыдай адилетсиз саясатын жүргүзө берсе анда көпкө узабайт.

-Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG