Рамалладагы жолугушуу алдында Махмуд Аббастын жардамчылары билдиргенге караганда, акыркы айларда Израил-Палестин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүсүндө жылыш болгон эмес. Былтыр ноябрда Махмуд Аббас жана Израил премьери Ехуд Олмерт АКШда болгондо сүйлөшүүлөрдү уланталы деп макулдашкан. Дик Чейни жекшемби күнкү кездешүүдөн соң Палестин мамлекетин түзүү кечеңдеп кеткенин, ага жетишүү эки жактын мунасасын талап кылаарын баса белгиледи:
-Биз келечекте күнкорсуз, түбөлүктүү, тынчтыкты сүйгөн Палестин мамлекети түзүлөт деген үмүттөбүз. Ага жетүү эки жактан өз ара сүйлөшүүдөгү эбегейсиз аракетти жана ачуу чындыкты тааныган мунасаны талап кылат. Бул кандуу калабанын тарапкерлерине жана экинчи жактын негизги укуктарын таанууну каалабагандарга каршы күрөштөгү чечкиндүүлүктү да талап кылат.
Чейни «террор жана зобун-зордук бейкүнөө адамдардын өмүрүн алгандан башка да палестиндердин үмүтүнө балта чабаарын» да кошумчалады. Ал ишемби күнү Иерусалимде болгондо Израилдин коопсуздугуна коркунуч туудурчу чараларды АКШ колдобосун билдирген.
Махмуд Аббас өз кезегинде Израилдин Палестин автономиясын айланта аскерий бекеттерди орнотуусуну жана жөөт күчтөрүнүн жапырыгын токтотууга чакырды:
-Коопсуздук жана тынчтыкка жаңы конуштарды кеңейтүү, Палестиндердин шаар-кыштактарынын тегерегинде кароолканаларды куруу, Газа тилкесине каршы аскерий кысымды күчөтүү, Батыш Иордандагы шаар-кыштактарга күн сайын басып кирүү жана палестиналыктарды камакка алуу, 11 миңден ашуун палестиналыкты абакта кармоо аркылуу жетишилбейт. Мен, ошондой эле, Израилди Газадан ракета менен аткылоону да айыптайм.
Аббастын ошондой эле Иерусалим жана качкындар маселеси жөндөлбөй туруп, финалдык келишимге кол коюлбасын да эскертти.
Былтыр июнда ХАМАС кыймылы бийликтеги Фата партиясына ишенимдүү күчтөрдү Газадан кууп чыккандан бери Аббастын өкмөтү Батыш Иорданды гана контролдойт. Жекшемби күнү Йеменде өткөн сүйлөшүүдө палестиндердин жоолошкон фракциялары өз ара түз сүйлөшүүлөрдү баштайлы деп макулдашты. Бул жөнүндө Йемендин президенти Али Абдулла Салиех маалымдалды.