Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

СОЧИДЕ ОЛИМПИАДАЛЫК ЖАЙЛАРДЫ КУРУШ ҮЧҮН ТӨРТ МИҢДЕЙ ҮЙ БУЗУЛАТ


Муса Мураталиев, Москва Эл аралык олимпиадалык комитет 2014-жылкы олимпиада оюндарынын кышкы түрүн Сочиде өткөзүү чечимин кабыл алгандан бери жети ай өттү. Андан соң Орусиянын өкүмөтү Сочинин тоолуу климаты бар курортун өнүктүрүү боюнча федералдык өзгөчө максаттуу программа кабыл алган. Ал эми Мамлекеттик Дума болсо «олимпиадалык» аталышта мыйзамга толуктоолор киргизген. Олимпиадалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн «Олимпстрой» мамлекеттик корпорациясы уюшулган. Бирок курулуш эмдигиче башала элек. Корпорациялык жетекчилер айтымында, ал үчүн баарыдан мурда олимпиаданын бюджетин кайра карап чыгуу керек жана уюштуруу маселелерин чечүүнү тездетүү абзел.

Сочинин аймагында баш аягы 2014-жылы олимпиадалык жайлардан 240 даанасы салынат. Мамлекет анын чыгымына деп чү дегенде эле 12 миллиард доллар бөлгөн. Экономисттер эсебинде ал каражат азар бери дегенде эки эсеге көбөйгөн. Ага курулуш материалдарынын кымбатташы жана инфляциянын жогорулашы себепкер болду.

Кийин мындай жагдайды орусиялык саясий төбөлдөр да моюндарына алышкан. Маселен, Орусиянын эсептөө палатасынын төрагасы Сергей Степашин айтканга караганда «олимпиадалык жайларды салууга кетчү чыгым дүңүнөн алып эсептей келгенде 24 миллиард долларга жетет».

«Ведомости» гезити жазганга караганда олимпиадалык жайларды салууда 4232 гектар жер керек. Анын ичинен 680 гектар жер жеке менчикке карайт. Ошондуктан аларды мамлекет бийлик көрсөткөн баа менен сатып алууга тийиш. Ал эми бийлик бычкан ырасмий баа боюнча ар бир сотук жер 12230 доллар турат.

2008-жылдын 1-январынан тарта Сочиде жаңы мыйзам күчүнө кирген. Анын арибине жараша эми 2014-жылкы олимпиада жайларын куруу үчүн керек болгон жерлерди ээлеринен ажыратуу болот жана ага жарандар сөзсүз көрүлөрү тийиш. Андай толуктоо Мамдума тараптан «Олимпиадалык мыйзам» алкагында былтыр күздө кошулган.

Sunday Times гезити жазганга караганда, Кара деңиз жээгинен олимпиадага жай курулат шылтоосу менен бузула турган үйлөр эсеби азыр төрт миңге жеткен. Жаңы мыйзам арибине таянып ал үйлөрдө жашагандарды эми башка жактарга көчүрүү болору жазылган.

Качандыр Сталин ылым санап дайыма барып эс алып жүргөндөй, Путин да күзүндө Сочиге барып эс алары маалым. Ал туурасында Владимир Путин журналисттер менен 2006-жылы 31-январда жолугушуу маалында өзү мындай айткан:

«Сочи кай-кай жагынан жарашкан жер. Аба ырайы мелүүн, кыйырында деңиз жатат, тоолорунун кээ бир жерлеринен жыл бою кар кетпейт. Мен ал жерде мындан эки жыл мурда лыжа тепкемин. Ошондуктан биз Сочини өстүрүшүбүз керек».
XS
SM
MD
LG