Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Бүгүн Кыргызстанда Ыңкылап күнү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/2856B8E2-B3D8-4430-8573-21DAFAC3E6D8.ASP белгиленүүдө. Мындай жобону Эмгек Кодексине киргизүүнү Адилет министрлиги сунуштап, 13-мартта аны Жогорку Кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен колдоп беришкен. Анткен менен 24-мартты майрам күнү катары белгилөө коомчулукта ар кыл көз караштарды жаратты. Бири туура үч жыл мурун өлкөдө чыныгы ыңкылап болду деп, бул күндү белгиленишин колдоп чыгышса, экинчилери, өзгөчө 24-мартта түнү орун алган талап тоноочулуктан жапа чеккендер, бул күндү майрам деп эсептешпестигин айтышууда. Миллиондогон каражат зыян тарткан ишкерлер үчүн 24-март өзүнчө бир трагедиялуу күн бойдон калды. Үч жыл аралыгында кээ бир ишкерлер эптеп бутуна турса, ишмердүүлүгүн жөнгө сала албай, ушу күнгө чейин карыздарынан кутулуу аракетин көрүп келаткандар да жок эмес.

24-марттан 25-мартка оогон түнү талап тоноочулуктан миңдеген ишкерлер жапа чеккен. Анда Бишкекте “Дордой Плаза”, “Мадина”, “Гоин”, “Силк Вэй”, “Берекет Гранд” сыяктуу ири соода дүкөндөрү талакаланып, анда иштеген ишкерлердин тарткан зыяны 1 миллиард 300 миң сомду түзгөн. Жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн өкмөт атайын токтом кабыл алган. Бирок ал кагаз бетинде гана кала бергени айтылып келген. Бийликтин ушул жана башка убадаларына ишенген ишкерлер бир жылга дейре куру үмүт менен жашап келген. Өкмөттүн колдоосун күтүп атып чарчаган ишкерлер биригип, атайын кредиттик союз ачышкан. Анын башында турган “Жапа чеккен арендаторлор” бирикмесинин төрайымы Бурул Усубакунованын айтымында, 2005-2006-жылдары тоноочулуктан жабыр тарткандардын көйгөйүнө такыр көңүл бурулган эмес:

- Кимден сурашты деле билбейсиң, сураган сурооңо деле оң жооп бербейт ошол кезде. Кор болуп, көрүнгөн чиновникке барып, эшигин чертип жүрдүк.

2006-жылы 24-мартка чукул ал кезде каржы министри болуп турган Акылбек Жапаровго жапа чеккен ишкер айымдар кара жоолук тагынып, аза жыйынын өткөргөнү жатышкандыгын билдиргенден кийин бул маселеге көңүл бурулуп баштаган. Өкмөт ахыбалы өтө оор, насыя алган, көп балалууларга, бардыгы болуп 104 адамга эки жарым миллион сом бөлүп берген. Бул каражат аз да болсо кээ бир ишкерлерге бутуна туруп кетүүгө жардам болду, дейт 24-мартта талап тоноочулуктан жапа чеккен ишкерлердин бири Айгүл Мамбеталиева:

- Азыр ошол эле “Мадина” базарында баягы ордубузда отурабыз. Кредиттик союздан бир аз акча алып, калыбына келтирип, тиричилик менен алек болуп жатабыз.

Маалыматтарга караганда, жапа чеккен ишкерлерге компенсация төлөп берүү үчүн 44 миллион сом талап кылынат. Ал эми өкмөт бөлүп берген эки жарым миллион сом кээ бирине жетсе, экинчилерине бир тыйын да тийген эмес.

24-марттагы тоноочулуктан ири суммадагы чыгымдарга дуушар болгон ишкерлердин көбүн эсе бүгүнкү күндүн майрам катары белгилешин колдошпойт. Талап тоноочулуктан жабыр таркан Кенже Чыныбекова “Азаттыкка” мындайча пикирин билдирди:

-Биздин тапкан ташыганыбыз, канча жылдан бери жыйгандарыбыздын ошол күнү таш талканы чыгып жатса, мен муну майрам деп эсептей албайт элем.

24-марттагы талап-тоноочулуктун артында ким тургандыгы боюнча ар кандай жоромолдор айтылып келет. Айрымдары талап-тоноочулукту мурунку президент Аскар Акаевдин чөйрөсүндөгү адамдар уюштурган деп айтышса, муну абалдан пайдаланып накта кылымшкерлер тобу жасады дешүүдө. Ошондой эле коомчулукта тоноолорго К. Бакиевди бийликке алып келген күчтөрдүн да тиешеси бар деген пикирлер жок эмес. Ишкер, саясатчы Өмүрбек Абдрахманов тоноочулукту эки тараптын тең адамдары жасады деген көз карашта:

- Анын артында төңкөрүштү уюштурган адамдар турат. Жанагы бандиттерди каяктан алып келишти? Бир жагы “ак шапкечен” бандиттерди даярдады, тиги жагы болсо, дагы бир бандиттерди даярдады. Мына ошолордун кимиси жеңсе, ошонусу талап-тоноочулукту жасады.

Ал эми экономика жана соода министри Акылбек Жапаров талап тоноочулкка бийликтин тиешеси бар деген пикирлерди четке какты:

-Тоноочулуктун бардыгы алдын ала даярдалган. “Ак шапкечендер” мурдатан даярдалып, түн ичинде биз тынч митинг уюштуруп жатканда, булар дүкөндөрдүн бардыгын талкалап, анан коменданттык саат киргизмек экен. Тилекке каршы биз ошого даяр эмес болуп калдык.

Мына ушундай жоромол пикирлерге чекит коюу үчүн өкмөт жоопкерчиликти өз мойнуна алып, тоноочулукка байланыштуу козголгон кылмыш иштерди аягына чейин чыгарышы керек эле, дейт саясатчы Темир Сариев:

-Жапа чеккен адамдар конкреттүү түрдө машинелердин номуруна чейин жазып берген учурлар болгон. Бирок укук коргоо органдары бул кылмыш иштеринин бирин да аягына чыгарган жок. Албетте тоноочулуктун артында белгилүү, салмактуу адамдар тургандыктан бул кылмыштардын бети ачылган жок да.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамсалиев бийлик өкүлдөрү ошол күнү жапа чеккен ишкерлерден кечирим сурашы керек деп эсептейт:

- Акча каражатынан биз аракет жасап жатабыз. Бирок мен ойлойм, биз бардыгыбыз ишкерлерден кечирим сурашыбыз керек. Моралдык компенсация сөзсүз болуш керек.
XS
SM
MD
LG