Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

13:30 Чүйдө 24-март белгиленди,бирок ыңкылапчылар майрамдаган жок


Губернатордун орун басары Турусбек Султаналиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда бүгүн дээрлик райондордо маданий, спорттук иш чаралар уюштурулуп, жергиликтүү тургундар ишембиликке чыгышты. Токмок шаарында болсо массалык сейилдөө уюштурулуп, “облустагы майрамдык негизги иш чара Москва районундагы ат чабыштын өтүшү болду” – дейт Турусбек Султаналиев. Ал эми 2005- жылдагы март окуяларына активдүү катышкандардын бири Сапар Аргынбаев «бул күндү биз майрам катары белгилөөдөн уялабыз. 2005- жылы 23- мартта биздин боз үйдү талкалап, сабагандар уялбай майрамдап жатышат», - деди. Ишемби, 22- март күнү март окуяларынын аймактагы активдүү өкүлдөрү элдик курултай өткөрүп, 24- марттын үч жылдыгын талкууга алышкан. Бирок жергиликтүү бийлик имарат бербегендиктен курултай ачык асман алдында өткөн. (JJ)

XS
SM
MD
LG