Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

15:00 24-мартты ким кандай майрамдап жатат?


“Ар намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бүгүн партиядагылар чогулуп, майрамдашканын, бирок ыңкылап күнү эмес партия төрагасы Феликс Куловдун түрмөдөн бошонгон күнү катары белгилегенин,партия болсо ыңкылап максатына жетпегенден кийин аны майрамдоого негиз жок деген чечимге мурда эле келгендигин билдирди. Ош базарынын жанындагы “Берекет гранд” соода борборунун сатуучусу Турдукан Султангазиева болсо соодагерлер бул күндү жылдап топтогон байлыгын бир күндө талаткан күн катары эстээрин, бирок эч качан майрам деп кабыл алышпастыгын билдирди. Жогорку Кеңештин спикери Адахан Мадумаров өткөн үч жыл ичинде бул күн революциянын башкы талабы-конституциялык реформа аткарылбагандыктан белгиленбей келип, эми гана мыйзам негизинде майрам деп таанылгандыгын бүгүнкү майрамдык салтанатта белгиледи. (BD)

XS
SM
MD
LG