Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

Элдик ыңкылап күнү болуп жарыяланган 24-март окуясынын үч жылдыгында улуу мамлекет башчынын эл менен чогуу болбой атканы эл ичинде ар кандай шектенүүлөрдү жаратууда. Курманбек Бакиевдин саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу тараган каңшар азыркы учурда эң кызуу талкууланууда. Мындай ушактардын элге таралып кетишине ким кызыкдар болушу мүмкүн? Коргоо министри Исмаил Исаковдун айтымында, мамлекет башчы жөнүндө ушак-айыңдарды чыгарып жайылтуу Акаевдин бийлигин кайтарып келүүнү көздөгөндөрдүн колунан келип жаткан иш.

- Ошол Акаевдин бийлиги жанталашып кайтып келүү аракетин жасап, туура эмес сөздөрдү айтып атышат. Бул булардын тактикалык жолдору болсо керек, ушундай ден-соолугу начар болсо, эл эмне дээр экен, кандай кабыл алаар экен, каршылык көбөйөр бекен деген ой менен атайын тараткан ойлору менин оюмча. Анын үстүнө президенттин, ар бир жумушчу адамдын конституциялык укугу бар дем алып келгенге. Кайсы жерге барып дем алат, өзүлөрү чечет. Ошондуктан канча жыл болду, мамлекетти башкарып тургандан тартып бир күн дагы дем алуу жөнүндө ойлогон эмес.

Биз дагы айтып жүрдүк эле, Курманбек Салиевич кичине дем алып алсаңыз, ден-соолукка кийин кыйын болуп калат деп. Ал күлүп, эми ушундай турмушта кантип дем алабыз, иштеш керек дечү. Биз отпускага чыксак дагы 5-6 күн эс алып, кайра иштеп жүрөбүз. Ошонун негизинде менин оюмча мунун эч кандай кабатырлыгы жок. Мунун баары ушак болсо керек, андан башка сөз айта албайсың мындай нерсеге.

- Бүгүн 24-март Элдик ыңкылап майрамы деп расмий белгиленип жатат. Айрым саясатчылар бул майрам саясий мааниси жагынан эгемендүүлүк күнүнөн кийинки майрам деп эсептеп атышат. Мына ушундай улуу күнүндө мамлекет башчынын эл менен чогуу болбой атканы мүмкүн шектенүүлөрдү жаратып аткандыр?

- Мамлекет башчысы эгемендүүлүк күнүндө эл менен бирге болбосо эле баары жаман болот деп ойлойт. Жана айтып кетпедикпи, Конституциялык укугу болгондон кийин качан өзү керектүү деп эсептегенде, ошого карата дем алса болот. Анын үстүнө Жогорку Кеңеш дагы кабыл алабы, албайбы деген ар түрдүү сөздөр тарап кетпеди беле, андан башка дагы жетекчилер Кыргызстанда бар, ошондуктан менин оюмча бул эч нерсе эмес. Жогорку Кеңештин төрагасы, өкмөт башчысы бар, бул майрамды жакшынакай майрамдаганга эл турат.
Ошондуктан эч бир сөз айтпай эле ушул күндү жакшынакай майрамдап алсак, бардык элибизге эле жакшы болот.

- Курманбек Бакиевди бийликке алып келген март ыңкылабы максатына жеткен жок деп мындан 3 жыл мурда сиз менен үзөңгү кагышып жүргөн айрым тилектештериңиз айтып чыгып атышат. Алар өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу системасы ан сайын күчөөдө деп айтып атышат. Сиз айтсаңыз, Конституциялык реформа, партиялык тизме менен парламенттик шайлоо өткөнүн эсепке албасак, март ыңкылабынын дагы кайсы максаттары ишке ашты?

- Эл баарын жакшы түшүнөт. Ошол ыңкылап башталардын алдында, андан бир топ жыл мурун бир топ депутаттар, элдин патриот кыздары, жигиттери чогулуп алып, “Акаевди кетирүү, эл үчүн реформа” деген кыймыл түзүшкөн. Мына ошонун максатында биринчи Акаевди өзүнүн бийлигинен тез аранын ичинде кетирүү болчу, анан кийин конституциялык реформа жасоо керек эле. 2005-жылы 24-мартта элдик революция болгондон кийин алардын кандай талаптары бар эле, мына ошого токтоло кетсек. Алардын Акаевдин бийликтен кетирүү талабы аткарылды. Экинчи - Акаев алып келген парламентти таратуу да ишке ашты. Үчүнчү элдик конституциялык реформа дагы ишке ашып, толук жүз пайыз партиялык тизме менен келе турган депутаттарды шайладык.

-Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек
XS
SM
MD
LG