Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

15:20 №16 түрмөдөгүлөр ачкачылыгын дагы эле улантууда


Бишкектеги №16 жаза өтөө абагында өткөн жумада ачкачылык жарыялаган адамдар акциясын дагы эле токтотуша элек. Мындай маалыматты Адилет министринин орун басары Сергей Зубов да тастыктап, бирок, ачкачылык жарыялагандардын саны ушул тапта канча экендигин маалымдаган жок. 2005-жылдан бери түрмөдө жаткан айтылуу кылмышкер Азиз Батукаевди Москва районунун соту дагы эки жылдык мөөнөткө кескенден кийин соттун бул чечимине нааразылык иретинде №16 жаза өтөө абагындагы 700гө чукул адам тамак ичүүдөн баш тартып, айрымдары кан тамырын кесишкен болчу. Адилет министрлиги абакка өзгөчө режим киргизип, ал жердегилерге тыштан бир нерсе киргизүүгө тыюу салган. (BD)

XS
SM
MD
LG