Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

КУРГАК УЧУКТУН ТИЗГИНИ ТАРТЫЛДЫБЫ?


Кургак учук жана СПИДке каршы күрөш Кыргызстанда көп жылдардан бери курч турган маселе. Бул жааттагы абал жөнүндө “Азаттыкка” саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айтып берди.

- Кургак учуктун жайылуу деңгээлин 10 жылдын ичинде түшүрдүк. 1996-97-жылдары расмий маалыматтарга караганда кургак учук менен ооругандардын көрсөткүчү 100 миң калкка эсептегенде 160ка чыгып кеткен. Аны былтыркы жылы 109 га түшүрдүк. Биз бүгүн кургак учук менен ооругандардын санын тактоо боюнча бүт аракеттерди жасап атабыз. Бул анык маалыматка жакындаган маалымат болуп эсептелет. Бирок бир нерсени айтып коюшум керек, ГУИН системасында кургак учук менен ооругандардын саны жарандык секторго караганда 3-4 эсе көп. Ошондуктан биз азыркы күндө алар көбөйүп атат дегенден алыспыз. Ошону өстүрбөш үчүн элдин арасында оорунун алдын алуу иштерин күчөтүп атабыз. Ошондуктан өсүп атат деген тенденция бар дегенге мен кошула албайм.

- Жаңы эле өзүңүз да айтып кеттиңиз, кургак учук менен ооругандар негизинен жаза өтөөчү жайларда болуп атат деп. 2001-жылы жети жарым миңден ашуун адам кургак учуктан түрмөдө отуруп набыт болгон экен, акыркы жылдардагы көрсөткүч кандай?

- Кургак учук боюнча өткөндө биз Адилет министрлигинен маалымат алганда, акыркы үч жылдын ичинде бир жарым эсе көбүрөөк болуп атат дешти. Бул социалдык проблема болуп жатат. Биз жаза өтөө мекемелер менен граждандык сектордун ортосундагы бири-бирине өткөрүп берүү, ошону кайра дарылоо, аны кайра активдүү фазага өткөзбөө жумуштар жасалып атат.

- Сиз айтсаңыз, абактарда, же түрмөлөрдө кургак учукка каршы керектүү дары-дармек жабдуулар, тамак-аш менен камсыз кылуу жагы кандай. Сиздер бул жагынан көмөк кыла аласыздарбы?

- Ал жерге биз тамак-аш бере албайбыз, бирок дары-дармек, гуманитардык жардам боюнча министрликке келгендерден бөлүшөбүз. Анан кийин эмне керек болсо, алардын арызы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги ар дайым жардам берип турат.

- Түрмөдөн бошонуп чыккандардын көпчүлүгү эркиндикке чыкканда дарыгерлерге көрүнгүсү келбейт деп да айтылат, ошол эле учурда алар кургак учук таратуучу болуп кала беришет?

- Бул жерден адамдын өзүнө да караш керек, граждандык сектордо биз мажбурлаганга биздин укугубуз жок. Бирок биз мындай сүйлөшүп алганбыз, абактан кургак учук менен ооруп чыккандар жашаган жерине маалымат бериши керек. Мисалы ошол аймакта иштеген дарыгерлер билет, абактан чыкты, кургак учук менен ооруйт, муну каттоого алып алдын алып дары-дармектерди беришим керек деп биздин граждандык сектор боюнча тийиштүү иш-аракеттер жасалып жатат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG