Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

ЫҢКЫЛАП ЖАҢЫРЫГЫ: АНДАН БЕРИ 3 ЖЫЛ ӨТТҮ


2005-жылдын 24-мартын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/2856B8E2-B3D8-4430-8573-21DAFAC3E6D8.ASP ээрчий келаткан элдик революция болдубу же төңкөрүшпү суроосу ушу тапта да талаш-тартыш чакырып келатат. Парламент шайлоодогу көз-көрүнөө бурмалоо, бийликтин апачык кысымына нааразы болгон көпчүлүктүн жол тосмой, акимчиликтерди басып алуусу соңунда келип Бишкектеги өкмөт үйүн алуу, борбор шаардагы дүкөндөрдү талап-тоноо менен жыйынтыкталды.



Мындан үч жыл илгери деле 24-мартта күн шаңкайып ачык тийип, белгилүү дарыгер Ж.Назаралиевдин медицина борборунун жанындагы жыйындан “Алатоо” аянтына саат 12лерге чогулган көпчүлүк алдында оппозиция жетекчилеринин сөздөрү бүтө электе жыйынга катышкандар менен ак шапкечендердин ортосунда мушташ чыгып, чатак башталган.

Аянттын бир тарабынан экинчисине бирде жыйынга катышкан көпчүлүк, бирде Акүйдү кайтаргандар үстөмдүк кылып, күндүзгү саат үчтөргө жакын жаалданган эл каршылыкка карабай имаратка кирип барышты. Алеки саатта эгемен өлкөнүн баш кеңсеси таланып-тонолуп, он миңдеген адамдардын ортосунда калды. А.Акаев качып, өкмөт башчы Н.Танаев кызматын өткөрүп басып кетерин оппозиция, толкуган көпчүлүк күткөн деле эмес. Аны К.Бакиев деле жашырган жок.

- Момундай болуп эл Акүйдү ээлеп алат деп биздин оюбузга деле келген эмес. Ачык айтып коеюн сиздерге.



Кырдаал кыйынына айланып баратканын көргөн оппозиция өкүлдөрү күч кызмат жетекчилерин шаарга тартип орнотуу жөнүндө кеңешке чакырышты. Бирок андан натыйжа деле чыккан жок. Ал ишти оппозиция өз колуна алып, кысталыш жагдайда боштондукка чыккан Феликс Кулов тартип орнотуу аракетине киришерин маалымдаган.

- Мен түрмөдөн кызматка турайын деп чыккан жокмун. Мен башаламандыктарга жол бербеш үчүн чыктым. Бул менин негизги милдетим.

Караңгы киргенден тарта башталган талап-тоноолор таң аткыча басылган жок. Кызуу талаш тартыш ал күнү кечинде парламентте башталды.

- Чогуу ушул жерден чечип албасак болбойт. Мына эки парламент болуп талашып жатабыз. Анан азыр эки президент болот. Эки премьер-министр болот. Мунун аягы бүтпөйт,- деп айтты Темир Сариев.

Мурдагы эки палата, жаңы парламент депутаттарынын ортосундагы талаш шаар таланып-тонолуп жаткан чакта күчөгөнүнө нааразы экенин Дүйшөн Чотонов жашырган жок.

- Эмне үчүн Бишкекте маминтип баарын талкалап жатышат? Бүгүн чыгып элди токтотолу. Анан эртең сүйлөшөбүз. Дагы бир нерсе, эй тынч тургула, туугандар, силерди карап олтуруп мен айтат элем бечара кыргыз эли деп.



Антсе да ал түнү парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны К.Бакиевди өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындап, Мыйзам чыгаруу жыйыны И.Кадырбековду төрага шайлап, өзгөчө абал тууралуу мыйзам кабыл алууга жетишти. Кийинки күндөн тарта Бишкек күн кур эмес көчө жыйындарынын жайына айланып, ага жер басып алуучулардын кыймылы кошулуп, басуучулук жалпы аймакка тарап кетти.

XS
SM
MD
LG