Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:58

24-мартта Жалалабатта март ыңкылабынын үч жылдыгы белгиленди. 2005-жылкы ыңкылап 4-мартта эски бийликке нааразы болгондордун облбийлик имаратын ээлеп алуусунан башталган.

Майрамга келгендерди облгубернатор Кошбай Масиров жана Жалалабат шаар башчысы Дүйшөн Мамасалиев куттуктады. Губернатор март ыңкылабынын тарыхына токтолсо, мэр үч жылдан бери бийлик элдин талабын аткарууга аракет жасагандыктан социалдык-экономикалык багытта өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын, бирок али алдыда көп милдеттер тургандыгын ортого салды:

- Мамлекетибиздин бюджетинин жекече өсүшү, Курманбек Салиевичтин коррупциянын тутумуна келишкис күрөш ачып, анын тамырын кыркып соолутуу үчүн жүргүзүлгөн иштеринин жыйынтыгы эмеспи.

Бийлик Аскар Акаевдин доорунда иштегендерден толук арыла элек. Алар облустагы ыңкылапчыларга кысым көрсөтө баштагандыгын ардагер ыңкылапчы Макамбай Өмүралиев жар салды:

- Курманбек Салиевич келип акаевчилерди тазаламайынча революция максатына жетти деп айтууга болбойт. Акаевчилер азыр майда революционерлерди куугунтуктап турган кез.

Облустагы аялдар кеңешинин төрайымы Айчүрөк Мамажанова ыңкылаптын натыйжасы менен келген бийликти коргоп калууга даяр экендигин билдирип, коомдук парламенттин иш-аракетин сындап өттү.

Майрамга келгендерге театрлаштырылган оюн-зоок, ыр-бийлер тартууланды. Оюн-зоокто аксылык демонстранттарга ок атуу, эски бийликтин кулатылган окуялары чагылдырылды. Коомдук парламенттин облустагы мүчөсү Советали Сеитбековдун көз карашында ыңкылапты майрамдоо туура эмес. Анткени андагы талап-максаттар ишке ашпады:

- Майрамдаштын кажети жок. Ыңкылапты эл башкача ой менен күткөн. Бүгүнкү күндө тескерисинче болуп атат. 24-март эч кандай майрам болбошу керек. Адамдардын көпчүлүгү нааразы болуп, жадап, азыркы бийликке да, оппозицияга да ишенбей, бүтүндөй мамлекетибизди таштап чыгып кетип аткан адамдарды ойлогондо мен кайгылуу күн деп эсептейм.




Ноокен районундагы «Кенч» акционердик коомунун төрагасы Акыбай Сооронбаевдин айтымында да эл ойлогондой өзгөрүү боло элек:

- Мен 24-мартты майрамдабайм. Себеби жакшы ой, үмүт, тилек менен аябай көптөгөн адам революцияга катышкан. Эл ойлогондой жакшы нерселер болбой калды. Менин оюмча, элдин үмүт, тилеги бүгүнкү күндө аткарылган жок.

Сузак районунан Орунбай Сооронкуловдун көз карашында майрам начар уюштурулган. Март ыңкылабына арналып "Эркиндик" аянтына тургузулган эстеликке губернатордун гүл коюусу туура эмес болду:

- Революциянын эстелигине губенатор баштаган 5-6 киши гана гүл койду. Революцияга катышкан аксакалдар жок. Ошол аксакал чал, кемпирлерди эстеликке гүл койдуруш керек эле. Улуу Октябрь революциясынын майрамдык шаңы 70 жылдан кийин кетсе, биздин революциябыздын шаңы 3 жылга жетпей кетип атат. Буга тиешелүү чоңдор көңүл бурбаганы көрүнүп турат. Мындай болсо барып-барып бул майрам жок болуп кетиши мүмкүн.

Жалалабаттагы майрам спорттук оюндардын мелдеши менен жыйынтыкталды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG