Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Коргоо министри Исмаил Исаков 2005-жылдагы март ыңкылабына активдүү катышкан лидерлердин бири. Ал ыңкылаптын башында турган “Кыргызстан элдик кыймылынын” башаты болгон «Акаевге отставка-элге реформа» кыймылын убагында жетектеп турган. Исмаил Исаков март ыңкылабынын үч негизги талабы аткарылып, эми экономиканы көтөрүп, элдин турмушун оңдоо калды деп эсептейт.

- 2005-жылы 24-мартта көтөрүлгөн элдин алдыңкы катарында келген саясатчылардын бирисиз. Март ыңкылабы максатына жетти, жетпеди деген сөздөр азыркы кезде көп айтылып келатат. Сиздин оюңузча ыңкылап максатына жеттиби?

-Албетте, эл болгондон кийин элдин арасында ар түрдүү пикирлер болуш керек. Бул абдан туура нерсе. Бирок 24-марттагы Элдик ыңкылап жөнүндө айтаардан мурда ага чейин болгон окуяларды эстеп кетсек. 2003-жылы биз “Акаевди кетирүү жана эл үчүн реформа” деген кыймылды түзгөнбүз. Мына ошол кыймыл эки-үч жылдан кийин максатына жетти.

Ошол учурда элдин кандай талабы болгон? Эмне үчүн эл көтөрүлүп чыкты? Биз ошолорду эскерип, андагы талаптар аткарылдыбы деген суроого жооп берсек, элге өзү эле түшүнүктүү болуп калат.

Элдин биринчи талабы Акаевди бийликтен кетирүү болгон. Экинчиси, Акаев алып чыккан Жогорку Кеңештин депутаттарын таратуу болгон. Үчүнчүсү, элге иштей турган конституция кабыл алып, саясий реформаны жасоо болгон. Мына ошол үч негизги талап аткарылдыбы?

Аны карап көрөлү. Биринчи, Акаев кеттиби? Кетмек тургай элин таштап качып кетти. Экинчи, Акаев алып чыккан парламент кеттиби? Кетти. Үчүнчү, эл үчүн иштей турган реформа жасалды, болгондо дагы, бул реформаны ишке ашырган Курманбек Салиевич Бакиевге кийинчереек баа берилер азыр ар түрдүү пикерлер болуп жатпайбы, көпчүлүк барууга даабаган кадамга барып, Жогорку Кеңешти 100% партиялык тизме шайлоого барууну чечип, ал ишке ашырылды.

Демек үч талап тең аткарылды. Ошондуктан биз Элдик ыңкылаптын талабы аткарылган жок деп кантип айта алабыз. Азыр эми бир гана нерсе калды-ал элдин келечеги үчүн, жакшы турмушу үчүн аракеттенүү. Ал аракетти турмушка ашыруу үчүн шарт эми түзүлдү.

-Демек сиздин оюңузча, негизги талаптар аткарылып, эми кезек экономикалык жактан көтөрүлүүгө келди. Ал үчүн база түзүлдү деген ойдо экенсиз да?

-Албетте, экономикалык өнүгүүгө пайдубал коюлду. Эми “кыштарын” коюп, “бөлмөлөрдү” кура баштайбыз. Ушул конституциянын негизинде экономикалык өнүгүүгө шарт түзүлүүдө. Бул биринчиден. Экинчиден, сот рефомраларына да шарт түзүлүүдө. Мисалга, үйүңдө кичинекей ремонт жүргүзсөң дагы аны бир айда бүтүрө албайсың.Туурабы? Ага көп нерсе керек. Кээ бирөөлөр бир жыл, эки жылга чейин жүрөт. Анан жалпы Кыргызстанды бир-эки жылда оңдоп койбоду дегендер, алар көрө албандар, же мурунку бийликтин кошоматчылары деп ойлогонго аргасыз болосуң. Мына башка жакты албай эле, өзүм башкарган коргоо министрлигин алсак.

-Коргоо министрлигине байланыштуу өзүнчө сурообуз болот. Исмаил мырза, сиз айтсаңыз, мына бу 24-мартта жалпы элдин көтөрүлүшүнө ошол кездеги парламенттик шайлоону бузуу эле түрткү болгонбу, же андан терең карама-каршылыктар бар беле? Элдин түптөн көтөрүлүүсүнө эмне себеп болгон эле?

-Элдин түптөн көтөрүлүүсүнө Жогорку Кеңешке шайлоодогу адилетсиздик кошумча түрткү болуп калган. Ага Акаевдин 15 жыл ичиндеги жасаган иштери, элге берген убадаларын аткарбаганы, президент катары элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобогону себеп болгон.

Акырында ошол мамлекеттин денесиндеги шишиктер толуп, бир кичинекей түрткү менен жарыла турган болуп калган. Ошол түрткү Жогорку Кеңешке шайлоо болуп калды. Айтып көрсөк, Үзөңгүкууштун берилиши. Азыркы кезде ар түрдүү пикирлер айтылып жатпайбы, Үзөңгүкуушту мен алып чыкканмын, тигил алып чыккан деген. Алып чыккан автору биз унчукпай эле турабыз.

Биз билебиз жерди кантип беришкенин, кандай кол коюшканын. Ошондуктан жерин берген жетекчи- бул эч качан жакшылыкка алып келген эмес.
Андан сырткары, элдин турмушун алып көрөлү. Канчалаган нерселерди өздөрүнө менчиктеп алышты. Бирок ошону оюңдоп иштетишкен жок да. Алардын баарын талкалашты. Ошондуктан нааразылыктын түбү тереңде.

Андан кийин анын эл аралык денгээлдеги аброю? Эгерде президент айткан сөзүн аткарбаса, аны башка өлкөнүн президенти кантип сыйлайт? Анткени анын бир нерсени айтканы, кол койгону бир болуп, жасагандары башка болуучу. Мына ошолордун баары чогулуп отуруп, ал эми парламенттик шайлоо акыркы чеги болуп калды. Элдин дагы жетер-жерине жеткенден кийин толкундап, көтөрүлүп чыкты.

-Сиз жетектеген коргоо министрлигинде ыңкылаптан кийин социалдык тармакка өзгөчө көңүл бөлүнүп, офицерлерди үй менен камсыздоо, аскерлердин казармаларын оңдоо боюнча бир топ иштер жасалып келатат. Ал баарына белгилүү. Ал эми өткөн мезгилге салыштырмалуу күжүрмөн даярдык боюнча кандай иштер жасалып жатат?

-Албетте, куралдуу күч болгондон кийин алардын күжүрмөн даярдыгы жогору болуш керек. Бирок орусча айтып кетейин “Бытья определяет сознания” деп бекеринен айтылган эмес. Мындайча айтканда биздин жашоо-турмуштун абалы биздин көз карашыбызды аныктайт.

Бир нерсени көтөрөм десең, эл болобу, куралдуу күчтөр болобу, биринчи жашоо турмушту оңдоодон башташ керек. Бул маселе чечилсе, анан кийин күжүрмөн даярдык келет. Алар жаман болсо каяктан күжурмөн даярдык болсун? Ошон үчүн биз ишти турмуштан баштадык. Аны көтөрүп, өзгөрүү болот экен деген ишенимди жараттык. Эми мына быйылкы жылдан баштап күжүрмөн даярдыкты кыргыздын тоолуу шартына ылайык жүргүзүүгө өтүп жатабыз.
Анын шарттары башкача болот. Ал мурдагыдай эле аскерлерди түз-талаа согушуна даярдабай, биз өзүбүздүн жерибизге ылайык келген күчтөрдү түздүк. Ошонун үстүнөн иштерди баштадык. Ага жаңы техника, курал-жарактарды, жабдууларды, каражаттарды сатып келдик. Азыр бүгүнкү күндө күжүрмөн даярдыкты жаман деп айта албайбыз. Бирок алдыда жасай турган иштер абдан көп. Азыркы кезде реформабыз уланып жатат. Кызмат мөөнөтү бир жылга өткөндөн кийин эң керектүү адистерди контрактык негизде кабыл алып жатабыз. Андай кызматкерлердин бир гана милдети бар, ал эртеден кечке элин-жерин коргоого даярдыкты көрүү. Алар андан башка иш менен алек болбойт. Мына ушунун үстүнөн иштеп жатабыз.

-Азыркы кезде биздин жоокерлерди азык-түлүк менен камсыздоо кандай? Мурда, азыр деле айтылып калат, биздин жоокерлердин курсагы жетишерлик тойбойт деген сөздөр? Мындай көрүнүш азыр барбы?

-Буга мен мындай жооп берет эле. Аскердик кызматты аткаруунун эрежеси, азык-түлүк менен камсыздоонун нормалары бар. Аскердик тапшырмаларды аткарууга канча калория кетери аныкталган. Ошол калориясы бүгүнкү күндө толук берилет. Чындыгында анча-мынча кыйынчылыктар бар, аны жок деп айтпайбыз. Себеби азыркы кезде азык-түлүккө баа өйдө көтөрүлүп жатат. Биз бюджетке бир сумманы бекитсек, бүгүнкү күндөгү баасы өйдө болуп жатат. Мына ошонун айырмасын теңдеп кетүү анча-мынча кыйынчылыктарды жаратып жатат. Себеби баары мыйзам чегинде да. Ушул сумма бекитилип калган. Аны өзгөртүү керек. Ошондуктан анча-мынча кыйынчылыктар бар. Бул болот. Ал бардык өлкөлөрдө эле бар. Менин оюмча, бүгүнкү камсыздоо, биз бергендерди толук жеткирүү аскердик бөлүктөрдөгү командирлерге да байланыштуу. Бул жагынан да көп иштер жүрүп жатат. Айтаар элем, бүгүнкү күндө биздин аскерлерге тамак өз нормасына ылайык толугу менен берилет.

-Маегиңизге ырахмат!
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG