Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:48

17:47 Жалалабат: Акаевдин калдыктарын кутулуу үчүн ыңкылап улантылып жатат


Жалалабатта ыңкылап майрамына катышкандарды облгубернатор Кошбай Масиров куттуктоо менен соңку үч жылда өлкөнүн бюджети эки эсе көбөйгөнүн, быйыл Камбарата ГЭСинин курулушу башталганын билдирип, март ыңкылабы мурдагы авторитардык режимге каршы болгондугун баян кылды. Ыңкылапчы ардагер Макамбай Өмүралиев март революциясы Акаевдин калдыктарынан кутулуу үчүн улантылып жаткандыгын айтты. Облустук аялдар кеңешинин төрайымы Айчүрөк Мамажанова ыңкылаптын натыйжасында келген бийликти коргоп алууга даяр экендигин жана коомдук парламентти эл шайлабагандыгын билдирди. Майрам театрлаштырылган оюн зоок, ыр-бий, спорттук оюндар жана ыңкылапка байланыштуу тургузулган эстеликке гүл коюу менен коштолду. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG