Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

19:00 А.Торшин: Кыргызстандагы айрым окуялар дыкат талданып КМШга жайылтууга арзыйт


Орусия парламентинин Жогорку палатасынын вице-спикери Александр Торшин бүгүн Бишкекте КМШнын парламенттер аралык ассамблеясына мүчө мамлекеттердин атуулдарынын добуш берүү укугун коргоо, парламентаризм жана демократияны өнүктүрүү институтун ачуу аземине катышты. Бул иш-чарадан соң маалымат жыйын куруп, анда айрым учурларда Кыргызстан аталган жумурияттагы өлкөлөрдөн алда канча озуп кеткендигин белгиледи. Күнкорсуз мамлекеттер шериктешитиги түзүлгөндөн берки жылдарга сереп салып, Бишкекти жаңы башталмалар, демилгелер үчүн акжолтой шаар деп атады. Буга аталган эл аралык институттун эң биринчи Кыргызстанда ачылып жатканын мисал катары келтирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG