Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Март ыңкылабынын себептери жана сабактары, Бакиевдин бийлигинин оош-кыйыштары жөнүндө “Азаттык” менен Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов маектешти.

- Осмонакун мырза, мына Кыргызстанда март ыңкылабынын болгонуна 3 жылдын жүзү болду. Кыргызстандын үч жылдан берки саясатына, социалдык-экономикалык абалына кандай баа бересиз?

- Университеттин профессору катары 5 деген балл системасы боюнча баа берсек алуу 3 деген баа коймокмун. Бул реалдуу баа.

-Демек, азыркы президент жүргүзүп жаткан экономикалык, ички жана тышкы саясатына купулуңуз толбой жатабы?

-Ушунча тополоң түшүп, жаңы бийликке келгенден кийин, ушунча элдин батасын алып президент болуп шайлангандан кийин өзүнүн командасынын жок дегенде бир жылга алкымын тыйып, “койгула балдар, таза иштеп берели, ушунча эл бизге бата берип, ишенип жатат” десе болмок. Бирок биринчи күндөн баштап алкым да кетти, нысап да бузулду. Мына бүгүн кайрадан Пушкиндин жомогундагыдай сынык тепшинин алдында отурабыз.

-Буга эң башкы себеп эмне болду деген ойдосуз?



- Биринчиден, мамлекетти башкарууда көп мүчүлүштүк кетти. Эң биринчиси, элдин, улуттун биримдигин сактоого көп эмгек жумшалыш керек эле. Андай болгон жок. Мына бүгүн түштүк, түндүк болуп экиге бөлүнүп отурабыз.Бул эч кимге жашыруун сыр эмес. Экинчиден, чынын айтыш керек, жакшылап иштегенге башындагы эки жылда мүмкүнчүлүк болгон жок. Күнүгө тополоң, күнүгө митинг, пикет, демонстрация болду. Бул бир жагы, экинчи жагы жаңы бийлик программа жазыш жагынан такыр мокок экен, калемдери жок, интеллект деген аз. Билимдүү кишилер дагы жокко эсе, ошондуктан натыйжа ушундай болуп жатат.

Мынакей баалар токтобой кетти, кымбаттоонун экинчи баскычы башталды. Элдин нааразылыгы күчөгөндөн-күчөп, бири-бирин эле жактырбаган эл. Бири-биринин мээсин жеп саясатчылар отурат, журналисттер оппозициясынын да, пропозициясынын да саясий карикатуралык сүрөтүн тартып отурасыңар. Сен Акаевчи, сен Бакиевчи деп тытышып отурабыз. Ынтымактык деген жок. Акырында, эски сөз менен айтканда, таз кейпибизди кайра кийдик. Менимче, эң өкүнүчтүү нерсе -саясий элитанын ичинде ынтымактын жоктугу, жанагыдай ак, карага бөлүү күч. Кыргызда “Ичкен кудугуңа түкүрбө” деген сөз бар. Мына ошол эле Бакиев чоң жерден жоо тапкансып, кичинекей заводдо жөнөкөй директор болуп иштеп жүргөн жеринен премьер-министрликке чейин алып келип отургузган Акаевди көрүнгөн жерде талатып отурат. Бул мусулманчылыкка да, кыргызчылыкка да, чогуу иштеп, нечен жакшылыгын көргөн Акаевдин алдында да эч бир адамгерчиликке турбаган нерсе деп эсептейм.

Бул ар бир адамдын деңгээлине, абийирине байланыштуу нерсе. Бакиев өзү ойлонуп көрүшү керек, себеби президенттик түбөлүктүү нерсе эмес экендигин көрдүк. Эртең эле Бакиев да кызматынан ооп калса ошол кишинин деле балдарын куугунтуктап, касын тигип, жанын койбой отурса жакшыбы? Деле биздин ушул адатыбыз жакшыбы? Бирөө кетсе, анын артынан түшүп, укум-тукумун кектөө жакшы жигиттин, жакшы саясатчынын жасай турган иши эмес. Ал эми президент улутту бириктире турган, жакшы менен жаманга текши болуп, эл атасы боло турган адам болгондон кийин мындай нерсеге аралашпашы керек эле. Бирок, биздин президентибиз улуттук консолидация жана саясий элитанын биримдиги тууралуу өзү да айтпайт, анан анын жанында жүргөн жигиттер да айтпай, президент кайсы жакка намазга жыгылса, алар дагы ошол жакка ооп отурушат. Мына бүгүнкү биздин кейпибиз ушул.



-Март ыңкылабынын чыгышы 2002-жылкы Аксы окуясынан башталган деп тарыхчылар да, саясат таануучулар да айтып жатышат. Ошол Аксы окуясынын чыгышына дагы, кийинки март ыңкылабынын чыгышына дагы Акаевдин жанында жүргөн жан-жөкөрлөрүнүн кыска саясат жүргүзгөндүгүнүн негизинде келип чыкты деп айтып жатышат. Алардын ичинде, албетте сиз да бар болчусуз, анткени, мамлекеттик катчы кызматында болчусуз, ушул март ыңкылабынын болушуна өзүңүздүн салымым бар деп ойлойсузбу?

- Революцияга менин салымым жок. Ага кимдин салымы чоң экендиги белгилүү, алар азыр Ак үйдө олтурушат. Ал эми Аксы окуясы абдан маанилүү суроо. Эми ошондон бери ким команда берген, ким мылтык таратып, ким ок чыгаргандыгын аныктап койсо болот эле го? Ушуну макул, Акаевдин убагында табышкан жок, эл арасындагы жөө жомокто айтылгандай, Акаев тоскоол болуп, аягына чыгарганга бөгөт койсо керек. Акаев да кетти, жаңылары келди. Азимбек Бекназаров Башкы прокурор болду. Эми айланайын, ошолор аягына чыгарып койсо болот эле го? Акаев кеткенден кийин калгандарынын баары ушул эле жерде жүрүшпөйбү! Демек, мунун аягына чыгарууга кызыкчылык жок же башка бир себептер бар.

Ал эми Акаевдин жан-жөкөрлөрүнүн кыска саясаты дегенге мен кошулбайм. Ар бир кызматкердин өзү аткара турган милдети, жумушу бар. Мен муну айтып атып эч нерсеге катышым жок деп айтайын деген жерим жок. Албетте, жетекчилик арасында жүргөндөн кийин баарыбыздын кандайдыр бир деңгээлде кыйыр түрдө тиешебиз бар. Анткени, баарыбыз бийликте отурганбыз. Бирок, эгерде мага келип “Бекназаровду камаган жатабыз” десе, мен албетте, “Токтоткула, ал парламенттин мүчөсү болсо, парламенттин макулдугу жок кантип камаган жатасыңар” деп айтат элем. Бирок андай болгон эмес. Бул Аксы окуясын биз бүтпөгөн бир драмага айландырып алдык. Муну эбак чечип, эбак ордуна койсок болот эле. Юридикалык жактан алыбыз жетпесе абийирдик сот менен...

-...Элдик сот болбодубу?

-Эми элдик сот дегенде бир топ кишилер чогулуп алып эле тиги күнөөлүү, бу күнөөлүү деш туура эмес. Мен мисалы аны такыр четке кагам. Аны юридикалык жагынан сот органдары аягына чыгарыш керек эле. Бирок, чыкпай жатат. Ал эми адамгерчилик жагынан алганда, мисал келтирели, кыргызда илгери бугулар менен сарыбагыштар жүз жылга жакын ызылдашып, согушкан экен. Ошондо дагы кыргыздын ичинен чыккан элдик элчилер, акылмандар кичинекей элдин ичинде ушинтип кырчылдашып отурган жакшы эмес, керек болсо алдынан өтүп, кечирим сурашып, элдешели дешкен. Эми биздин дагы тиги түрмөгө түшкөн жок, аны соттобой жатат деп отурганыбыз жакшы көрүнүш болбойт, Орусиядагыдай чоң эл болсок бир кеп. Ал эми бизге окшогон чакан элде бирөөнү түрмөгө салууга абдан кызыкдар болуп отурганыбыз- кыргызчылык эски түшүнүккө кетип жатканыбыз.

Менин оюмча, президент Бакиев жана элдин башка сыйлуу, калыс жана аксакал адамдары менен чогулуп, эми күнөөлүү кишини таба албасак элчилик жол менен чечпесек болбойт деп акырына чыкса болот эле. Эми мени идеологиялык жактан тукурган деп айтышыптыр. Бир гезитке же телевидениеден бир жолу ушул Аксы окуясы боюнча чыгып сүйлөгөн эмесмин. Себеби, бул окуяны мен башынан эле туура эмес деп эсептегем. Ошондо эле “Ай, эмнеге камадыңар” дегем. Мен эмне иш кылганымды, эмне күнөө кетиргенимди элге караганда өзүм абдан жакшы билем. Азыркы бийлик күнөөлүүлөрдү аныктап койсо болмок, аягына чыгарган жок. Демек, күнөөлүү кишилерди таба албай жатат же тапса да аларды суракка албай, тапкысы келбей, ишти кечеңдетип отурушат.

- Осмонакун мырза, 2005-жылкы ыңкылаптын алдында Кыргызстанда болуп жаткан саясий кырдаалды Акаев аңдабай калган экемин деп 2005-жылдан кийинки бир интервьюларында айткан эле. Туура эмес маалыматтарды берип жаткан экен деп бир эле адам- Мурат Суталиновдун атын атап кеткен, калган жанындагы адамдардын атын атаган эмес. Бирок мамлекеттик катчы катары сиз дагы бар болчусуз. Чын эле Аскар Акаевге туура маалымат жетпей жатты беле?

- Түшүндүм. Бизде ушундай жөө жомок бар да илгерки жомоктон калган. Мен сизге ачык эле айтып коеюн, Аскар Акаевде баарыбызга караганда маалымат көбүрөөк болчу. Себеби, мага эмес же премьер-министрге эмес, жашыруун кызматтар, милициялар эң биринчи кезекте маалымат катты президенттин атына жазат. Азыр ойлойсуңар, Бакиевге жанындагылар туура эмес маалымат берип, анан Бакиев башка жакты көздөй эле адашып баратат деп. Жок, Акүйдөгү дагы, ошол эле жашыруун кызмат деп коебуз, Улуттук коопсуздук кызматына жана башкаларга караганда баарынан көп маалыматты Бакиев билет.

Анткени мыйзам боюнча да, укук-милдеттери боюнча да ошондой. Анан жанындагылар айтпай койгон экен десе, анда ал эмне деген президент, гезит окубаса, радиону тыңшабаса, маалыматты сурабаса...

- Эмне үчүн анда Акаев ошентип айтты?

- Эми президенттер деле пайгамбар же жер тыңшаар Маамыт эмес да, алар деле киши, алар деле ойлойт балким ушинтип барып токтоп калаар деп. Бирок баарыбыз эле март окуяларынын астында кандайдыр жол таап, эл тынчып калса керек деп ойлодук. Экинчи жагынан мен президентке келип 2-3 жолу айттым, мен сизге муну радиого келип айтып аткан жерим жок, мен сизге болгон сөздү айтып атам. Аскар Акаевичке 21-22- мартта айттым, коопсуздук кеңешти чогулталы, мына оппозиция баланча-түкүнчө кишини кетириңиз деп атат, ушунун баарын кетирип бериңиз, мени дагы кетирип бериңизчи, ушулардын талабын аткарып берели деп.

Себеби Кыргызстанда облустардын баары бизге баш ийбей калса, шаарларда эл шайлаган мэрлер отурса, губернаторлорубуздун бир-экөө качып жүрсө, анан кантип коопсуздук кеңешин чакырбай отурушубуз мүмкүн. Баягы Аксы окуясында кантип коопсуздук кеңешинде өкмөттү толук курамы менен кетирсек, кудум ошондогудай азыр дагы түз эфирде жасайлы деп айткам.

Бирок тилекке каршы, ал киши кое туралычы, дагы кырдаалды карап көрөлү, тиги-бу деп мен айткан сунуш аткарылган жок. Аны көргөн, уккан да кишилер бар. Балким ал кишинин өзүнүн ою, пикири болгон чыгар.

Азыр баары айтат, ошондо сиз теледен көп чыгып сүйлөп койдуңуз деп. Мен теледе эмнени айтып аттым? Туугандар жолдорду тосмой, облустук мекемелерди басып алмай бул жакшы көрүнүш эмес, токтогула, чатак болуп кетпесин деп айтып аттым. Эгерде мен ошол кездеги мамлекеттик катчы катары ошондо унчукпай отуруп алсам, анда журналисттер дагы эле айтмаксыңар, ой бизде мамлекеттик катчы деген болуш керек эле, оозуна талкан куюп алгансыбай, бир чыгып айтып койсо болот эле, унчукпай отуруп алды деп.

Мен буларыңар мамлекетти башкарууга жарабайт деп да айтып аттым. Бирөөңөр уккан жоксуңар, ызы-чуу болуп жүрдүңөр. Менимче ошонун баардыгы бүгүн чынга чыкты.

- Ошол 2005-жылдын алдындагы кыргыз оппозициясы, ыңкылапты жасаган революционерлер деп коелу, биздин идеябызды, биздин эмгегибизди, биздин жеңишибизди азыркы бийлик тартып алды деп азыр айтып атышат. Ошол чын деген ойдосузбу?

- Эгерде оппозицияда жүргөн адамдарды биз көрбөй, билбей жүрсөк, башка бир жактан келип түшүп калса, анда айтат элек, атаңкөрү ай тетиги жигит президент болуп калса катырмак деп. Ошолордун арасында Акаевден жакшы президент болуп кетчү киши жок болчу. Мен азыр да ошондой деп эсептейм. Акаевди жаман көрөбүзбү, жакшы көрөбүзбү, Акаев өзүнүн милдетин колунан келишинче аткарган. Элдин биримдигин сактаган. Президент алмашса эле майкөл менен сүткөлдүн жээгинде отуруп калабыз деп баарыбыз ойлонуп алдык. Оппозиция деген ошентип айта берет, себеби алардын иши ошондой.

- Оппозициябыз деген күчтөр айтып жатышат азыр күчтөнүп баратабыз, жалпы эл оппозициянын айткандарын колдоп жатат деп жатышат. Сиз кандай ойлоп жатасыз, оппозицияны азыркы учурда эмне курчутуп жатат?

- Азыркы учурда оппозиция эмес жөн эле катардагы киши чыгып туруп, ушул бийликтен көрө жогу жакшы десе, ошол туура эле сөз айтат. Анткени бүт баары көрүнүп турбайбы! Бүгүнкү саясат жалпы элди оппозиция кылып отурат. Азыркы бийликке катуу кысым көрсөтүш керек, албетте. Бул бийлик жарабайт. Мындай жол менен кетсек биз жакшылыкка барбайбыз. Баары болуп кетиши мүмкүн, оппозициясы жок эле тополоң чыгышы мүмкүн.

- Парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн “Акыйкат үчүн” кыймылы, андан кийин Жогорку Кеңешке альтернативалуу негизде түзүлгөн Коомдук парламентке кандай баа бересиз?

- Оппозиция кандай болсо дагы жакшы. Кимдир бирөө айтып турбаса болбойт. Коомдук парламент деген да унчукпай койсо болбойт. Ансыз азыр альтернатива түрүндө чындыкты көрсөтө турган деле бир телевидение жок. Эл такыр эле кулак-мурду жок болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан кандай оппозиция болсо дагы керек.

- Сиз 2005-жылы Акаев Кыргызстандан качып кетет деп күттүңүз беле, ойлодуңуз беле?

- Жок. Кудай турбайбы! Ошентип бирөө айтса, балким ошол киши менен эмнени айтып атасың деп аябай ызы-чуу түшүп жакалашмакмын. Аскар Акаевич өтө чоң жаңылыштык кетирип алды. Ызы-чуу түшпөгүлө айланайын эл-журт, болгону 6 ай калды, 6 айдан кийин тапшырып берем, шайлооңорду өткөрүп берейин, тынч ордуңарда отургула деп айтса болмок. Бирок ал кишинин дагы өзүнүн балким кеңешчилериненби, үй-бүлөсүнөнбү, урук-тууганынан болдубу ал киши ошолорду угуп койду. Пайгамбар киши эч жерде жок. Акаевдин кетип калганы биз үчүн улуттук чоң кыйын иш болду, эл да уят болду, элдин арасында ошол кездеги кызматкерлер, анын ичинде мен, баарыбыздын башыбыз шылкыйды. Тарыхыбызды бузуп алдык.

- 2005-жылдан кийин Москвага барып Акаев менен жолуктуңузбу? Ал өзүнүн эң башкы катачылыгы эмнеде деп айтат?

- Аскар Акаевич менен мен эч качан мамилемди бузган эмесмин. Жаңы бийлик келсе эле түсүмдү өзгөртүп, Акаев душман деп чыга келбейм. Менден башканын баары күнөөлүү, мен эле сонунмун деп ал айтпайт. Ал эң биринчи күнөө менден кетти, Кыргызстанды мындай акыбалга таштабаш керек эле, бирок мындай болуп кетээрин мен да билген эмесмин деп ал киши да айтып отурат.

- Эмне себептен качып кетиптир?

- Баарыбызда эле үй-бүлө, баарыбызда эле бала-чака деген бар да. Акаевди ошол кездерде жетсек эле көзүн тазалайлы деген чоң бандиттердин тобу болгон, ал бир жагы. Бирок менин оюмча ошондой болгон күндө дагы президент кетпеш керек эле. Анткени президент деген журт атасы. Балким президенттин өзү үчүн, бул жерде үй-бүлөсүн айткан жерим жок, эң биринчи тарых астында өзүнүн ысмын сакташ керек, өмүрдөн мурун тарыхтагы өзүнүн ысмы, өзүнүн орду жөнүндө ойлошу керек эле.

Президентибиз Акаев деле пенде экен. Баарыбыз эле, мисалы, мен Акаевге укмуштуудай ишенчүмүн. Ал киши баары эле ушундай, үй-бүлөм деле эл сыяктуу жүрөт деп айтып атчу. Мен ошого ишенчүмүн. Президент да бир кыргыздын пендеси экен. Анын дагы өзүнүн кемчилиги, кудуретсиздиги, алсыздыгы бар экен. Ошонун натыйжасында жалпысынан алганда тарыхыбызды абдан катуу бузуп алдык.

- Менин дагы бир суроом бар, Акаевдин бийлиги учурунда дагы, Бакиевдин бийлиги учурунда дагы бийликте жүргөн адамдар кедей Кыргызстанды талап алыш үчүн ачкөздүккө аябай берилип жатышат. Буга эң башкы себеби эмне? Эмне үчүн мынча ачкөз болуп атышат?

- Кыргызда муну назары ач деп коет. Тоноо 24-марттын эртеси күнү башталбадыбы? Чуркап барып редакциясын, ишканасын басат. Мындай учурда тууган-урук деген көп болуп кетет. Мисалы, туугандарым азыр менин тынчымды албай, кулак-мээм тынчып эле калды. Президент болгондо туугандар толуп кетет. Бакиев ага карабай “туугандар суранам силерден, алкыңарды тыйып бергиле, бир жыл Кыргызстанга таза иштеп берели” дегенде эле көп нерселер ордуна келип калмак.

Маектешкен Бүбүкан Досалиева
XS
SM
MD
LG